Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык
сактоо боюнча координациялык кеңешинин биринчи отурумунун программасы

Бишкек шаары 21.06.2017-ж.

 

1.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Координациялык кеңештин ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Комитетинин   (мындан ары КСКК Комитети) түзүлүшү.

2.       Бекитүү:

-      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Координациялык кеңештин ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Комитетинин   Жобосу.

-      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Координациялык кеңештин ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Комитетинин курамы.

-      КСКК Комитетинин КРдагы БУУӨПтүн Гранттарды башкаруу тобу 2018 жылдын январдан июнга чейинки мөөнөттө ишке ашыруучу, Глобалдык Фонддун грантын  узартуу зарылчылыгы жөнүндө сунушун талкуулоо жана жактыруу. 

-      КСКК Комитетинин КР ССМдин мүмкүнчүлүктөрүн баалоону жүргүзүү мөөнөтүн 2017-жылдын июлунун сентябрына котрууг зарылчылыгы тууралуу Глобалдык Фондго кайрылуусун жактыруу.

3.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу координациялык кеңештин ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Комитетине 10 күндүк мөөнөттө иш аракеттердин уюштуруучулук  жана башка  маселелерин чечүү боюнча отурум өткөрсүн.

4.   Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул чечимден келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

5.   Ушул чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Документы:
Документы:
Документы: