Максаттар жана милдеттер

Комитеттин максаты:
Комитеттин иш аракеттеринин максаты ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча маселелерди чечүүдө кызыкдар мамлекеттик органдарды, ошондой эле коммерциялык эмес жана коомдук уюмдарды координациялоо жана бирге кызматташуусун камсыз кылуу.
Милдеттер:
- Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу боюнча программаларды ишке ашыруу процессин жалпы координациялоо жана башкарууну камсыз кылуу;
- улуттук билдирмелерди эл аралык жана донордук уюмдарга өлкөнүн ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча маселелер боюнча муктаждык артыкчылыктардын негизинде Комитеттин чечимдерин даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин жактыруусуна жиберүү;
- эл аралык жана донордук уюмдардын каржылык жана башка каражаттарын колдонуусун, программалардын жана иш чаралардын жана алардын жыйынтыгын ишке ашуусун көзөмөлдөө жана мониторинг өткөрүү;
- эл аралык жана донордук уюмдардан алынуучу жардам менен үч сыркоо (ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек) менен күрөшүү боюнча бардык программалардын чегинде алынуучу жардамдын ортосунда өз ара аракетти жана келишкендикти камсыз кылуу.