Конституция КР

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Референдумда

кабыл алынган (эл добушу)

11-апрель, 2021-жыл.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

(КР 2021-жылдын 5-майындагы № 59 Мыйзамы менен күчүнө кирген)


БИРИНЧИ БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ, ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛУУНУН, ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ


Биз, Кыргыз Республикасынын эли, өз тагдырыбызды өз алдынча чечүү укугун туу тутуп; укук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыз кылуу максатында; чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп; ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап; Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп; мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүп; адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана урматтоого умтулууну ырастап; жалпы адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды таанып; социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуп; элдин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эсте сактап; азыркы жана келечек муундардын алдында Мекен үчүн жоопкерчиликти түшүнүп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.

Документы:
Документы:
Документы: