Чоң-Алай ЖДПБ кургак учук уюмдарга унаалар тапшырылды

ЦОВП Чон-Алай противотуберкулезным организациям переданы автомашины
ЦОВП Чон-Алай противотуберкулезным организациям переданы автомашины
  • КР Саламаттык сактоо министрлигинде 2017-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы уюмдардын жетекчилерине жана СПИД менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча облустук борборлорго жыйырма эки Лада маркасындагы унаа тапшыруу, ошондой эле Чоң –Алайдын Жалпы дарыгерлик практика борборуна реанимобилди өткөрүп берүү өттү. Унаа каражаттар 2017-жылга БУУӨПтүн бюджетин кайра программалоонун чегинде саламаттык сактоонун кургак учукка каршы уюмдар үчүн сатып алынган жана кургак учук менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча облустук борборлордо жана СПИД менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча борборлордо кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында берилген. “Кыргыз Республикасы кургак учуктун жайылышы менен күрөшүү боюнча бардык программаларды сиңдирип жана саясий колдоону камсыз кылып, өлкөнүн аймагында кургак учук жана ВИЧ инфекциясын жок кылуу үчүн бир топ күч-аракеттерди жумшап жатат. Кыргызстанда кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаал чалдыккандардын жана кургак учуктан көз жумгандардын көрсөткүчтөрү төмөндөө тенденциясына карабастан, чалдыккандардын жана кургак учуктан көз жумгандардын көрсөткүчтөрү дагы эле өйдө. Чалдыккандардын жана кургак учуктан көз жумгандардын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы программалардын жана иш чаралардын ишке ашуусунун аркасы менен жетилип жатат. Мамлекет өзүнө инновациялык мамилени кошуп, алдын алуу жана дарылоо кызматтарына жалпы тең мүмкүндүк камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алат. Азыркы убакытта кургак учукка каршы жана ВИЧ кызматтардын иш аракети кызматташтыктагы Улуттук программаларды ишке ашырууга жана эл аралык уюмдардын катышуусуна багытталган. Инфраструктуранын, кадр мүмкүнчүлүктөрдүн, дары-дармек камсыздоосунун, документтердин үзгүлтүксүз жаңылануусунун жана башкаруунун жакшыртуусунун андан ары өнүгүшү зарыл. Ошондой эле коюлган максатка жетүүгө өбөлгө түзүүчү саламаттык сактоо тутумунун бирдиктүү өнүгүү стратегиянын калыптанышы”, - деп белгиледи саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев. Глобалдык Фонд каржылоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн колдоочу БУУӨП Долбоору экинчи катардагы кургак учукка каршы препараттарды сатып алуу, лаборатордук реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу, кургак учукка чалдыкандарды мотивациялык колдоо, калктын негизги топторуна багыттоо менен ВИЧ боюнча дарылоо жана алдын алуу иш чараларды жабдуу сыяктуу багыттарды колдойт.

    Кургак учукка каршы жардамды калкка 26 саламаттык сактоо уюму көрсөтөт. 2017-2021-жылдарга кургак учук менен күрөшүү боюнча артыкчылык багыт болуп алдын алуу, кургак учукту табуу жана алдын алууну жакшыртуу, кургакучуктун дарыга туруктуу формасы менен бирге дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу саналат. Маалымат КР ССМдин расмий сайтынан.

Нет комментариев. Ваш будет первым!