Бишкекте КУну алдын алуу жана эрте табуу процедураларын жакшыртуу боюнча пилоттун жыйынтыктары талку

В Бишкеке обсуждены результаты пилота по улучшению процедур раннего выявления и диагностики ТБ
В Бишкеке обсуждены результаты пилота по улучшению процедур раннего выявления и диагностики ТБ
2017-жылдын 19-декабрында Бишкекте “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда какырыктын үлгүсүн ташуу моделин киргизүү статусу” темадагы тегерек стол болуп өттү.
Тегерек стол КР саламаттык сактык министринин орун басары Амангельди Мурзалиевдин, Улуттук Фтизиатрия Борборунун директорунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Нарын, Чүй ОҮДБнын өкүлдөрүнүн, ОКУКБнын жетекчиси, медайымдардын, Нарын облусунун пилоттук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин катышуусу менен өттү.
Кыргыз Республикасында, Глобалдык Фонддун Грантын ишке ашыруу чегинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору тарабынан, БУУӨП – ХОУП Долбоорунун техникалык колдоосу менен 2017-жылы Нарын облусунда какырыктын үлгүсүн ташуу моделин иштеп чыгуу жана киргизүү долбоору ишке ашып жатат. Долбоор медициналык жардамдын алгачкы деңгээлинде какырыктын үлгүлөрүн ташууну камсыз кылуу жолу менен кургак учукту эрте табууну жана диагностикалоону жакшыртууга багытталган. Пилоттук райондор катары Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондору тандалган.
Тегерек столдун жүрүшүндө долбоор чегинде жетишкен жыйынтыктар, ошондой эле Кыргыз Республикасында какырыкты ташуу тутумун киргизүүнүн мындан аркы стратегиясы сунушталган жана талкууланган.
“Акыркы 15 жылы Кыргыз Республикасында кургак учукту көзөмөлдөө чөйрөсүндө олуттуу жетишкендиктерге жетилди. Ооруга чалдыгуу 100 миң калкка 167,8 ден 98,2 учурга, жана өлүмдүүлүк 100 миң калкка 27 ден 6,3кө төмөндөдү. Ошого карабастан көп дарыга туруктуу кургак учуктун жогорку таралышынын себебинен эпидемиологиялык кырдаал татаал бойдон калууда. КР Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук Фтизиатрия Борбору, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиялык көзөмөл департаменти тарабынан, Глобалдык Фонд- БУУӨПтүн каржылык колдоосу жана Кыргыз Республикасындагы ХОУП Долбоорунун техникалык колдоосу менен, 2017-жылдын ичинде лаборатордук диагностикага универсалдык мүмкүндүктү камсыздоого багытталган, какырыктардын үлгүсүн ташуу моделин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча долбоору ишке ашырылды.
2017-жыл бою ХОУП Долбоору Кургак учук учурларын көзөмөлдөө улуттук электрондук тутумун киргизүү боюнча өлкөгө техникалык колдоону көрсөтүп жатат. Бүгүнкү иш чара пайдалуу болот жана Кыргыз Республикасында кургак учукту эрте табуу үчүн, кургак учукту дарылоодо лабораториялык диагностика жана мониторингдин заманбап методдоруна жеткиликти камсыз кылууга кезектеги баскыч болот деп ишенем. Биздин мындан аркы жемиштүү, Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун жакшыртууга багытталган, кызматташтыгыбыздын улануусуна үмүттөнөм”, - деп, КР саламаттык сактоо министри Амангельди Мурзалиев белгилеп кетти.
Маалымат КР ССМдин расмий бетинде сунушталган

Нет комментариев. Ваш будет первым!