2017-жылдын 26-декабрында КССК Комитетинин Көзөмөл боюнча секторунун кезектеги отуруму өттү
2017-жылдын 26-декабрында эксперт А. Бекболотова айымдын Кыргыз Республикасында эл аралык донорлор тарабынан каржылануучу ВИЧ/СПИД, КУ менен күрөшүү боюнча долбоорлор боюнча отчетун карап чыгуу боюнча КРӨ КСККга караштуу ВИЧ/СПИД, КУ жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Комитетинин Көзөмөл боюнча секторунун кезектеги отуруму өттү. Сунушталган долбоор боюнча маалымат 2016-жыл жана 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иш чараларды камтыган. КРде бардык эл аралык уюмдар тарабынан ВИЧ менен күрөшүү боюнча иш чараларга сарпталган каражаттардын жалпы суммасы 2016-ж. (өлкөлүк отчеттун маалыматы боюнча) АКШнын 8,5 млн. долларын түзгөнү белгиленип кетти.
2017-ж. биринчи жарым жылдыгы боюнча ВИЧ жана КУ компоненттер боюнча Глобалдык Фонддун гранттарын ишке ашыруу анализи өзүнчө сунушталган. Бюджеттин анализи модулдар, суб-алуучулар жана статьялар, боюнча бөлүнүп көрсөтүлгөн. Документти жеткириле иштетүүгө жиберүү жана 2018-жылдын 1-кварталында Сектордун отурумунда кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынган.