22-декабрда 10:00 дөн 14:00гө чейин прграмманын Кыргызстандык консорциуму өтөт

22-го декабря с 10:00 до 14:00 будет проходить Кыргызстанский консорциум программы
22-го декабря с 10:00 до 14:00 будет проходить Кыргызстанский консорциум программы
“Муктаж болгон бардык адамдар үчүн ВИЧ-инфекцияга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүк үчүн өнөктөштүк” программанын Кыргызстандык консорциуму, келе жаткан жума күнү, 22-декабрда, европа мейманканасында, саат 10:00 дөн 14:00гө чейин, коалициянын 2017-жылынын жыйынтыктоочу жолугушуусунун өткөрүлүшүн билдирет.
Иш тартиби 2017-жыл боюнча тейлөөлөрдү адвокациялоонун жыйынтыктарын талкуулоону, мамлекеттик социалдык буйрутмадын жумушчу планын талкуулоону, мамлекеттик мекемелердин көзөмөлчү кеңештеринин иш аракеттеринеде коомдоштуктардын катышуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.
“Муктаж болгон бардык адамдар үчүн ВИЧ-инфекцияга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүк үчүн өнөктөштүк” регионалдык программасы
ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонддун колдоосу менен Зыянды төмөндөтүү Евразиялык тармактын өнөктөштүгү менен ишке ашырылган ВИЧ менен жашаган адамдардын Чыгышевропалык жана Борбордуказиялык бирикмесинин (ВЖА ЧББ) үч жылдык программасы 2015-жылдын 1-ноябрында стартын баштаган.
“Чыгыш Европа жана Борбордук Азия регионундагы ВИЧ-инфекцияга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүк үчүн өнөктөштүк” регионалдык программасы – коомдоштуктардын өнөктөштүк тармактары менен бирдикте, кургак учукка чалдыккандар менен кошо, ВИЧ менен жашаган адамдар, жана калктын өзгөчө негизги топтору (баңги заттарды колдонуучу адамдар, эркектер менен секс катнашындагы эркектер, секс-кызматкерлер) үчүн ВИЧке байланыштуу үзгүлтүксүз жардамдын мамлекеттик колдоосуна максималдуу натыйжалуу ээ болуумү мкүнчүлүгү.
Регионалдык программанын максаты, калктын негизги топторуна өзгөчө фокусу менен, Чыгыш Европа жанаБорбордук Азия регионундагы ВИЧ-инфекцияга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн, туруктуулугун жана кеңейтүүсүн жогорулатууда турат. Программа эки милдетти коёт:
1-милдет.Улуттук жана регионалдык деңгээлдерде ВИЧ-инфекцияга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана 2018-жылга жок дегенде региондун 5 өлкө-катышуучуларынын калкынын негизги топтору үчүн ВИЧ-инфекция боюнча үзгүлтүксүз жардам көрсөтүүнүн негизги баскычтарынын ортосундагы байланышты жакшыртуу .
2-милдет. 2018-жылга жок дегенде региондун 5 өлкө-катышуучуларынын калкынын негизги топторунун муктаждыктарына жана далилдемелерине негизделген, калктын негизги топтору үчүн ВИЧ-инфекция боюнча үзгүлтүксүз жардам көрсөтүүнүн стратегиялык жана туруктуу мамлекеттик каржылоосуна өтүүнү камсызоону адвокациялоо.
Долбоордун максаттары жана милдеттери, ВИЧ менен жашаган адамдар, ВИЧ/КУ менен жашаган адамдар, баңги зат колдонуучу адамдар, секс-кызматкерлер, эркектер менен секс катнашта болгон эркектер үчүн ВИЧ-ифекцияга байланыштуу кызматтардын континуумуна жеткиликтүүлүккү тоскоол болгон тоскоолдуктарды жок кылуунун жыйынтыгында, жана анын регионалдык жана улуттук деңгээлинде туруктуу мамлекеттик каржылоого өткөндө, жетилди деп эсептесе болот.
Регионалдык программа ЧЕБА регионундагы ар бир адам ВИЧ-инфекцияга байланыштуу кызматтардын континуумуна жеткиликтүү болуш үчүн коомдоштуктардын, профилдик министрликтердин, өкмөттүк мекемелердин, эл аралык жана улуттук уюмдардын, ошондой эле техникалык өнөктөштөр ортосундагы тыгыз кызматташтыкты жана бирге аракеттенүүнү болжолдойт.
Жалпысынан долбоордун иш аракети ЧЕБА регионунун 15 өлкөсүн камтыйт. ВИЧ-инфекцияга байланыштуу кызматтар континуумуна туруктуу жана сапаттуу жеткиликтүүлүккө тоскоол болгон, тоскоолдуктарды жеңүү боюнча өлкөлүк пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ачык конкурсуна катышууга 7 өлкө: Азербайджан, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Өзбекстан жана Эстония мүмкүнчүлүк алат.
Программа жөнүндө толугураак Чыгышевропалык жана Борборазиялык ВЖА Бирикмесинин сайтында
ЕЗТТ төмөнкү программаларда техникалык өнөктөш катары чыгып жатат:
Социалдык жоопкерчилик боюнча адвокация:
ЕЗТТ калктын негизги топторуна өзгөчө фокус менен, ВИЧ-инфекциясына байланыштуу, кызматтар континуумуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда каржылык кемчиликтерди баалоону өткөзүүдө колдонмо кылууда. Улуттук деңгээлдеги адвокациялык иш аракеттерди уюштуруу үчүн аярлуу коомдоштуктардын уюмдарынан улуттук адвокациялык консорциумдарын ЕЗТТ колдойт жана ишинин натыйжалуулугун камсыз кылат.Улуттук жана регионалдык деңгээлинде калктын негизги топтору үчүн кызматтар континуумуна жеткиликтүүлүктөгү табылган тоскоолдуктарды жеңүү үчүн адвокация, ретровируска каршы дарылоону сатып алуу жана анын баа түзүүсүн жөндөөчү, ретровируска каршы дарылоонун баасын төмөндөтүү үчүн жана, улуттук мыйзамдарда бар болгон, мыйзамдык тыюу факторлорун жок кылуу үчүн адвокация пландаштырылган.
Социалдык мобилизация, коомдоштуктардын ичиндеги байланыштарды куруу, кызматташтык жана координация:
ИАБЗК коомдоштуктардын топторунун бирикмеси жана улуттук деңгээлдеги адвокациялык уюмдар
ВИЧ-инфекцияда калктын негизги топтору үчүн үзгүлтүксүз жардам көрсөтүүдө стратегиялык жана туруктуу мамлекеттик каржылоого өтүү жана ВИЧ-инфекциясына байланыштуу кызматтарга жеткиликтүүлүк темасындагы мыкты практикаларды документтештирүү жана аналитикалык материалдарды даярдоо
1-Стратегиялык максат: зыянды төмөндөтүү программасынын каржылык жана институциялык туруктуулугу
Долбоор иштөөчү өлкөлөр
Азербайджан, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Эстония
Долбоордун мөөнөтү
ноябрь 2015 — октябрь 2018
Жалпы бюджет
4 044 467.00 EUR
Долбоордун донору
ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонд
Прграмманын негизги реципиенти
Чыгышевропалык жана Борборазиялык ВИЧ менен жашаган адамдар бирикмеси
Программанын субреципиенти
Евразиялык зыянды төмөндөтүү тармагы

Чоңойтуу үчүн басыңыз:
ВИЧке байланыштуу кызматтарды каржылоо
Адвокация
Техникалык жардам
Менеджмент
«Максатка туура жетүүчү полиси-брифти кантип жазыш керек” онлайн-семинары

Нет комментариев. Ваш будет первым!