17-декабрь - Эл аралык Секс-кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы күн

17 декабря  Международный День Против Насилия Над Секс-работниками
17 декабря Международный День Против Насилия Над Секс-работниками

17-декабрь - Эл аралык Секс-кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы күн


17-декабрь - Секс-кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы күн
Бул зордук-зомбулук менен кагылышкандарды колдоо жана тилектештикти билдирүү күнү, ошондой эле секс-кызматкерлер үчүн адам укутарын тең камсыз кылуу жана кыянаттыкты жок кылууга күчтү жана чечкиндүүлүктү көрсөтүү үчүн, секс-кызматкерлердин жана биздин дүйнө боюнча союздаштардын бирдиктешүү күнү.
Жетектөөчү укук коргоочулар жана медициналык уюмдар жана БУУнун келишимдик органдары дүйнө боюнча секс-кызматкерлерге багытталган зордук-зомбулукту токтотууга чакырышат!
"Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму секс-кызматкерлеринин глобалдык кыймылын колдойт жана өзүнүн Секс-кызматкерлердин адам укутарын сыйлоо, сактоо жана тутуу мамлекеттик милдетенмелери жөнүндө саясатында секс-кызматтарын деюре жана де-факто декриминализациялоого чакырат.
“Дүйнө дарыгерлери” уюму ушул жылы майрамдоого байланыштуу 17-декабрда секс-кызматкерлерди чогуу колдойт жана декриминализациялоого чакырат. Чакырыкта уюм Францияда да, эл аралык деңгээлде да, секс-кызматты тартипке салуучу, репрессивдик мыйзамдардын натыйжаларына, секс-кызматкерлердин ден соолугуна жана физикалык колтийгистигине күн сайын байкоо жүргүзүшү айтылган.
Аялдарды басмырлоону жок кылуу боюнча комитети (CEDAW) биздин региондун өлкөлөрүнүн Өкмөттөрүн секс-кызматкерлерди зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылууга, анын ичинде:
• Кыргызстандын Өкмөтүн – милиция тарабынан секс-кызматкерлерге каршы зомбулукту мониторингдөө максатында көзөмөлдөө механизмин уюштурууга;
• Таджикистан Өкмөтүн – секс-кызматкерлери жазага тартылбашын жана секс-кызматкерлерге тиешелүү зордук-зомбулуктар менен күрөшүү чаралар менен аялдарга жана кыздарга комплекстүү коргоону камсыз кылуучу мыйзамды карап чыгууга;
• Россиянын Өкмөтүн - Башкаруу укук бузуулар жөнүндө кодексинин 6.11 басмырлоочу беренесин жокко чыгаруусуна жана секс-кызматкерлерге көрсөтүлгөн зомбулук учурларын, анын ичинде полиция кызматкерлеринин тарабынан, көзөмөлдөөчү механизмин түзүүгө чакырат.
Секс-кызматты мыйзамда жана практикада декриминализациялоо секс-кызматкерлерди зомбулоого каршы күрөшкө жардам бериши далилденген.
Нет комментариев. Ваш будет первым!