СПИД менен күрөшүү күнү Кыргызстанда дагы бир адам өзүнүн ВИЧ-статусун ачты

В день борьбы со СПИДом еще один человек в Кыргызстане открыл свой ВИЧ-статус
В день борьбы со СПИДом еще один человек в Кыргызстане открыл свой ВИЧ-статус
2017-жылдын 1-декабрында Чүй облусунун Жайыл районунда № 102 кесиптик лицейдин базасында, «Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен “Бейтаптардын өлкөлүк кеңеши” жана “Наркологиядагы альтернатива” коомдук бирикмелери уюштурган, СПИД менен күрөшүү боюнча Эл аралык күнү белгиленди.
“СПИД” темасын билүү боюнча командалардын мелдеши болду, лицейдин окуучуларынын жумуштарынын көргөзмөсү өттү, эксперттердин жана коноктор чыгып сүйлөштү, каалагандар ВИЧке тест-консультациядан өтө алышты.
Иш чарада лицейдин окуучулары, медициналык жана социалык кызматкерлер гана эмес, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ден соолукту бекемдөө кызматтары, улуттук диаспоралар жана диний конфессиялардын райондун активисттери да катышкандары көрүнүктүү.
Лицейдин директору Гульнара Туленованын сөзү боюнча Кыргызстанда ВИЧти алдын алуу баарыбыздын милдетибиз жана өлкөдө бардыгыбыздын аракетибиз менен ишке ашуу керек экенине райондогулар ишенет.
“Чүй облусу ВИЧ менен катталган адамдардын саны боюнча республикада биринчи орунда, бизде чалдыккандардын үчтөн бири – ВИЧ-инфекциянын 2266 учуру катталган, - деп Чүй облустук “СПИД” борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Рыскул Токталиева айтып берди.- Бардык республикадай эле жыныстык жугуу жолу өсүп жатат жана парентералдык жугуу жолунун төмөндөшү байкалып жатат, б.а. инъекциялык баңги заттарды колдонуучу адамдардын (ИАБЗК)арасында инфекция стабилдешүүдө. Тилекке каршы, кош бойлуулардын арасында ВИЧ-жугушуу көрсөткүчтөрү жогоруланууда, бирок, сүйүндүрбөй койгону, чалдыккан энеден ВИЧ менен төрөлгөн балдардын саны жокко чыгарылган, себеби кош бойлууларды каттоого койгондо, ал эми бардык аялдар, КР ССМдин буйругу боюнча ВИЧке анализ тапшырышат, аларга ВИЧти эненден балага жугууну болтурбоочу РВК-терапия препараттары жазылат. Мындай аялдар чоң жактоочулукту көрсөтүшөт жана өзүнүн баласынын ден соолугу үчүн дарылоону кабыл алууга аракет жасашат. Сөзсүз, ооруканада төрөгөндөн корккон жана кош бойлуулук боюнча гинеколог дарыгерлерлердин каттоосунан өткүсү келбеген аялдар да бар.
Адатта биздин ВИЧ бар кош бойлуу аялдар ВИЧке жугушкан адамдар менен жашаган аялдардын ичинен табылат, алардын күйөөлөрү түрмөдөн чыгышкан же республиканын сыртына акча табууга көп кетишет же бул кош бойлуу аялдын күйөөсү баңги заттарды колдонот”.
Жайыл районундагы СПИД менен күрөшүү боюнча ошондой эле “Бейтаптардын өлкөлүк кеңеши” КБнын директору Умид Шукуровдун таасирдүү чыгып сүйлөшү менен да белгилүү болду, ал, шектүүлүктү жана коркунучун жеңип, бардык чогулгандарга өзүнүн ВИЧ-окуясын айтып берди, жана, ошентип, эл астында өзүнүн ВИЧ-статусун ачып берди. “ВИЧ менен жашаган адам катары, мен жашоонун катаал мектебинен өттүм: камакта болдум, он беш жыл баңги заттарды колдондум, бирок мына тогуз жылдан бери менде бардыгы ойдогудай, менин жумушум, үй-бүлөм жана дени сак балдарым бар. Менин бардык кааларым, менин тагдырым башкалар үчүн сабак болсун, жана биздин өлкө баңги заттардан жана ВИЧтен бош болсун дегеним. ВИЧ бар адамдардан коркпогула, себеби бул инфекция аба, кол алышуу, өбүшүү, идиш аяк, бир бассейнге түшүү жана ж.б. аркылуу жукпайт, кан боюнча, жыныстык жол менен жана эне сүтү аркылуу энеден балага гана жугат, жөн эле сактык чараларды колдонуу жана өз убагында текшерүүдөн өтүү зарыл. Маалымат КР ССМдин расмий сайтынан алынган бул жерде.

Нет комментариев. Ваш будет первым!