"Кургак учук менен ооругандарды колдоо" долбоорунун кызматкерлери тегерек столдорду өткөрүштү

Сотрудники проекта USAID «Поддержка пациентов с туберкулезом» провели круглые столы
Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү Күнүнө карата "кургак учук менен ооругандарды колдоо" долбоорунун кызматкерлери Нарын жана Жалал-Абад облустарында өкүлчүлүктөрдүн, мэриялардын, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборлорунун, жалпы дарыгердик практика борборлорунун жана райондук фтизиатристтердин катышуусунда тегерек столдорду өткөрүштү. Тегерек столдордун катышуучулары кургак учукка каршы күрөшүү айлыгынын алкагында иш-чаралардын биргелешкен пландарын талкуулашты. Долбоордун колдоосу менен ар бир облуста жаштар жана жалпы калк арасында кургак учуктун алдын алуу боюнча спорттук мелдештер жана маалыматтык иш-чаралар өткөрүлөт. Бардык каалоочулар акысыз рентгенологиялык текшерүүдөн өтө алышат. Кургак учукка каршы стационарлардын бейтаптары үчүн, анын ичинде балдар бөлүмдөрүнөн концерттик программалар жана мотивациялык белектер таратылат.

Башка жаңылыктар жөнүндө "кургак учук менен ооругандарды колдоо"долбоорунун бюллетенинин жаңы чыгарылышынан окуңуз: https://www.doormedia.kg/bulletin-0122

11:05
Нет комментариев. Ваш будет первым!