Дарыгер менен пациенттин ортосундагы ишеним кургак учук менен күрөшүүнүн негизги кадамы болуп санала

Доверие между врачом и пациентом – главный шаг к победе над туберкулезом
Доверие между врачом и пациентом – главный шаг к победе над туберкулезом

Аман Абдыгулович Абдыгулов азыр 70 жашта, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында фтизиатр болуп иштейт. Кесиби боюнча фтизиатр эмес, эпидемиолог болгонуна карабастан, анын мыкты натыйжалары бар: ар бир бейтапка бөлгөн убактысынын жана камкордугунун аркасында дарылоо учурунда аларга колдоо көрсөтүп, сакайып кетишине жардам берет. Доктор Абдыгулов адам өмүрүн сактап калууга чакырган, абдан берилген жана үлгүлүү дарыгер. Кургак учук менен дарылоону баштаган бардык бейтаптар, сейрек учурларды кошпогондо, бул дарыгердин катуу жетекчилиги астында ийгиликтүү айыгышат. 2018 RU/MDR когортунун ичинен ал 100% дарылоонун ийгилигине ээ.

Кургак учук менен ооругандар менен иштөө башка бейтаптар жана оорулар менен иштөөдөн эмнеси менен айырмаланат?

Фтизиатрдын ишинин негизги өзгөчөлүгү оорулуулардын ишенимине ээ болуу жана кургак учуктан коркуунун кереги жок экенин, анын айыкса болорун түшүндүрүү. Ар бир адам психикалык жактан даяр болушу керек. Кээ бир бейтаптар 2 жылга чейин дары ичишет. Бул чынында абдан кыйын. Ар бир жолу сиз аларды дары-дармектерди кабыл алууга көндүрүү жана терс таасирлери жөнүндө, эгерде бар болсо, айтып берүү керек. Ишенген адам айыгат.

Эң негизгиси бейтаптар бизге, дарыгерлерге ишенет. Стигманы жана дискриминацияны болтурбоо үчүн. Ошондой эле, мен өз кызматкерлериме бейтаптарга өтө этият болууну эскертем. Ал эми биз оорулууларга колубуздан келишинче жардам берип жатабыз, жол киресин же мэрия аркылуу, мисалы, бейтаптар ооруканага жакын жана дарыланып жатканда жакшы шартта жашашы үчүн батир алып алдык.

Тилекке каршы, фтизиатрия боюнча жаш дарыгерлер өтө аз. Негизинен пенсионерлер иштешет.

Сиздин бейтаптар менен мамилеңиз кандай?

Бейтаптар мени угат. А мен айткандын баарын аткарышат, каршылык көрсөтүшпөйт. Бирок дагы деле эки жыл дарылануу кыйын. Кээ бирлери келбейт же жок болуп кетет. Аларды колдон келишинче издейбиз, анан ынандырабыз, ынандырабыз, акырында дээрлик бардыгы ийгиликтүү айыгып кетишет.

Оорулуулар менен дарыгердин ортосундагы мамиле жакшылык гана болушу керек. Биздин шаар кичинекей, мен баарын билем: бейтаптар жана алардын ата-энелери. Биз дээрлик туугандайбыз. Дарыгерлер жана медайымдар бейтаптарга жардам бериши керек. Көптөгөн адамдар оорусу менен жалгыз калып, кыйналышат.

Бейтаптар өздөрү абдан достук мамиледе. Биздин мамилелерибиз ишенимдин негизинде курулган. Менин үч башка телефон номерим, үч башка операторум бар. Бул атайын бейтаптар мага телефон чалууга ыңгайлуу болушу үчүн. Алар менен тынымсыз сүйлөшүп, бул коркунучтуу эмес экенине, оорунун айыкса болоруна ынандыруу керек.
Кесиптештериңизге жана бейтаптарыңызга кандай кеңеш берет элеңиз?

Пациенттерге жардам берүү үчүн эң негизги нерсе - ишенимге ээ болуу. Алар аман калыш үчүн. Ал эми бейтаптардан алар бир эле учурда дары ичиши керек. Ал сегизде ичсе, сен дайыма сегизде ичүү керек. Бул зор мааниге ээ. Дарыгерлер менен медайымдарга дагы айткым келет, бейтаптардан коркпогула, анткени бир аз убакыт өткөндөн кийин алар жугуштуу эмес. Биз стигманы жана дискриминацияны жок кылып, бейтаптарды чогуу колдоого алышыбыз керек.

Нет комментариев. Ваш будет первым!