Турмуштук оор кырдаалга кабылган кургак учук менен ооруган бейтаптар эми ПРООН тарабынан берилген уб

Пациенты с туберкулезом, оказавшиеся в трудной жизненной ситуации, теперь могут воспользоваться врем
Пациенты с туберкулезом, оказавшиеся в трудной жизненной ситуации, теперь могут воспользоваться временным жильем, предоставленным ПРООН
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) кургак учуктун дары-дармекке туруктуу түрү менен ооруган, амбулатордук дарыланып жаткан жана турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу борборду (баш калкалоочу жай) ачты. Бишкекте жайгашкан жана “TB People” бейөкмөт уюму жетектеген борбор 2021-жылдын март айынан бери иштеп келет. Анда муктаж болгон бейтаптарга жатакана, негизги турмуш-тиричилик кызматтары (тамак-аш, душ, кир жуучу), ошондой эле дарылоону аяктоо үчүн медициналык, социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүлөт.

Бул борбор учурда Кыргыз Республикасында кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн ушундай жалгыз борбор болуп саналат жана Кыргызстанда кургак учук эпидемиясына каршы күрөшүү жана дарылоонун жагымдуу натыйжаларын жакшыртуу максатында ачылган. Кыргыз Республикасы дарыга туруктуу кургак учуктун жүгү жогору болгон 30 өлкөнүн катарына кирет, аны айыктыруу эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Оорулууга өз убагында диагноз коюлуп, дарылоо курсу бүтсө кургак учуктан айыгып, андан ары жайылышын алдын алууга болот. Бул борбор ПРООН тарабынан ишке ашырылып жаткан СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча жаңы Глобалдык фонддун 2021-2023 өлкө грантынын бир бөлүгү болуп саналат.

«Дарылууну каалагандар бар, бирок алар жашаганга жери жок, натыйжада дары-дармек алуу үчүн кайсы бир поликлиниканы, ФАПты, ҮМБны кармай албай жатышат. Бул борбор кургак учук менен ооругандар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк”, - деп түшүндүрөт “TB People” уюмунун директору Дилшат Хаитов. Бир ай мурун ачылгандан бери борбор он кардарды кабыл алган: «Алардын арасында абактан чыккандар да бар; биз аларга жакындары менен байланышууга жана жата турган жай табууга жана ушул убакыт аралыгында дарылоону улантууга жардам беребиз. Бизде да бул жерден дарыланып бүткөн кардарларыбыз бар болчу, алар коомго көнүп, жумуш таап, документтерин калыбына келтирүүгө үлгүрүштү”.

Борбор кардарлары бутуна туруп, келечекте ден соолугун сактоо үчүн татыктуу жашоо шарттарын таба алышы үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Борбордун кардарлары ошондой эле ар бир кардарга дарылоону аягына чыгарууга жана өлкөдө кургак учуктун жайылышын чектөөгө жардам берүү үчүн биргелешип иштеген дарыгерлерден, дарылоочу жардамчылардан, теңтуш кеңешчилерден, психологдордон жана юристтерден колдоо алышат.

Кошумчалай кетсек, борбордо ПРООН/Глобалдык фонддун балдардын кургак учукту эрте аныктоо долбоору тарабынан каржыланган компьютердик томографиядан (КТ) өтүү үчүн борборго келген балалуу энелерди жайгаштыруу үчүн бөлмө бар.

ПРООНдун «Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекция жана кургак учук менен натыйжалуу күрөшүү» долбоору да ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдар үчүн эки баш калкалоочу жайды каржылоону улантууда. Бишкек жана Ош шаарларында жана ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон негизги калктар үчүн борборлорду колдойт.
Нет комментариев. Ваш будет первым!