2017-жылдын 29-30-июнундагы Чолпон – Ата шаарында болгон КСКК Комитетинин мүчөлөрү үчүн сыртка чыгып

Выездной тренинг для членов Комитета КСОЗ в г. Чолпон-Ата с 29-30 июня 2017 года
​Согласно календарному плану работ Комитета КСОЗ 29-30 июня в г. Чолпон-Ата проходит выездное обучения для членов Комитета КСОЗ.

КСКК Комитетинин календарлык иш планына ылайык 29-30-июнунда Чолпон – Ата шаарында КСКК Комитетинин мүчөлөрү үчүн сыртка чыгып өткөрүлүүчү окутуу өтөт.Тренингдин максаты: ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек боюнча КСКК Комитетинин мүчөлөрү менен альтернаттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынажана Комитеттин бекитилген процедуралары, жобосунун ички эрежелерине ылайык ВИЧ-инфекциясы менен кургак учук жаатындагы ишти уюштуруу, координациялоо, башкаруу жана мониторинги менен ишмердүүлүгүнүн баасынын потенциалын жогорулатуу.

Тренингдин милдеттери:

1. Кыргыз Республикасындагы ВИЧ-инфекциясы менен кургак учук эпидемиясынын кырдаалына жана ага болгон жоопко кыскача анализ берүү .

2. ВИЧ-инфекциясы жаатындагы мамлекеттик саясатынын түптөлүшү жана өнүгүшү тарыхы жана анын Кыргыз Республикасындагы координациялоо механизми менен тааныштыруу.

3.Негизги донор – ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөш боюнча Глобалдык Фонддун негизги документтери, талаптары жана өлкөлүк координациялыкмеханизмине, анын максаттарына, маселелерине жана анын ишмердүүлүгүн каржылоого болгон мамилелерине обзор берүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңешинин жана КСКК алдындагы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөш боюнча комитетининэрежелери менен ички процедураларын окуп үйрөнүү.

5.КСКК Комитетининмүчөлөрүнүн да, ошондой эле альтернаттарынын да кызыкчылыктарынын келишпестигин жокко чыгаруучу Комитеттин мүчөлөрүн шайлоо процедурасын деталдуу түрдө иштеп чыгуу.

6. Өнөктөштүктү өнүктүрүү жана КСКК Комитетинин ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек боюнчаишиндеги секторлордун (мамлекеттик, жарандык, жеке) ролун талкулоо.

7. КСКК Комитетинин 2017-жылына аракеттер планын иштеп чыгуу.

8. Зарыл кадамдар боюнча жанаКСКК комитетинин мүчөлөрү менен альтернаттарынын потенциалын мындан ары жогорулатуу үчүн техникалык жардам керектиги боюнча сунуштамаларды даярдоо.

Тренингдин күтүлүүчү жыйынтыктары:

1. Тренингдин катышуучулары КСКК жана ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек боюнча КСКК Комитетинин түзүмү, максаттары, милдеттери, негизги иштөө методдору жөнүндө маалымат алышат.

2. КСКК Комитетинин мүчөлөрү жана альтернативдик мүчөлөрү ВИЧ-инфекция, кургак учук жана безгекке улуттук жооптуу координациялоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүк маселелери боюнча потенциалын жогорулатышат.

3. Катышуучулар КСКК Комитетинин2017-жылга иш планын иштеп чыгат.

ТренерлерБашмакова Л.Н. жана Исаков Т.А.

Нет комментариев. Ваш будет первым!