Улуттук фтизиатрия борборунда COVID-19 менен ооруп жаткан бейтаптар үчүн адистештирилген бөлүм түзүл

В Национальном центре фтизиатрии создано специализированное отделение для пациентов с COVID-19
В Национальном центре фтизиатрии создано специализированное отделение для пациентов с COVID-19

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык стационардык мекемелерди убактылуу кайра түзүү жөнүндөгү буйругуна ылайык, COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн биринчи адистештирилген бөлүмдөрдүн бири Улуттук фтизиатрия борборунда (УФБ) түзүлдү. Мындай чечим УФБ өзүнүн спецификасы боюнча жугуштуу оору – кургак учук менен иштөө тажрыйбасына ээ болгондугуна байланыштуу кабыл алынган. “Биз инфекциялык көзөмөлдөөнүн бардык чараларын сактоо менен негизги имараттын корпусунан обочолонгон имаратты даярдадык”,-дейт борбордун директору Болот Майканаев.
«Бейтаптар көчөдөн өзүнчө эшик аркылуу, ал эми биздин кызматкерлерибиз – башка эшиктен киришет. Бул инфекциялык көзөмөлдөөнүн башкы талабы, - деп белгилейт бөлүм башчы Елена Жданова. – Оор абалдагы бейтаптар үчүн палаталар оорусу жеңил өтүп жаткан бейтаптардын палаталарынан өзүнчө. Эки койкалуу ӨЖД (өпкөнү жасалма дем алдыруу) менен интенсивдүү терапия үчүн жандандыруу палатасы жана дарыгер-реаниматологдор байкоо жүргүзө турган оор абалдагы бейтаптар үчүн дагы бир палата жабдылган”.
Бардыгы болуп адистештирилген бөлүм 38 бейтап кабыл алууга даяр. Палаталарда узак убакытка өзүнчө жатуу үчүн керектүү нерселердин бардыгы бар: өзүнчө санитардык түйүн, муздаткыч, сыналгы. Тамак-аш бир жолу колдонулуучу идиштерге салынып берилет, колдонуудан кийин утилдештирилет. Анан албетте жеке гигена каражаттары: антисептиктер, самын, бир жолу колдонулуучу сүлгү камсыздалган.
Бейтаптар үчүн эле эмес, ошондой эле бөлүмдө нөөмөттө дагы, ошондой эле андан кийин карантинде боло турган медицина кызматкерлери үчүн дагы шарттар түзүлгөн. Алардын бардыгы өзүнүн коопсуздугун жана кесиптештеринин коопсуздугун ушул бөлүмдө коронавирус менен ооруган бейтаптар менен иштеген учурда сактоого окутулду. Биринчи кезекте жекече коргонуу каражаттарын кандай колдонуу керектигин үйрөнүштү. Ошондой эле кызматкерлерди узакка созулган обочолонуу шарттарындагы жумуш менен байланышкан “кесиптик түгөнүү” деп аталган нерседен сактоо максатында кесипкөй психологдорду тартуу менен психологиялык колдоо боюнча сабактар өткөрүлдү.
Маалымат КР ССМ сайтынан алынды


Нет комментариев. Ваш будет первым!