Карантин шарттары УФБ иш тартибине өзгөрүүлөрдү киргизди

Карантинные меры внесли коррективы в работу НЦФ
Карантинные меры внесли коррективы в работу НЦФ

Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) COVID-19 пандемиясынын учурунда биринчи кезекте өздөрүнүн бейтаптарына кам көрүүдө.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун берген маалыматына караганда, коронавирустун жаңы формасы айрыкча олуттуу делген дарттар, анын ичинен курак учук менен ооругандар үчүн коркунуч туудурат.
Жетекчилигинин айтканы боюнча, УФБ мурдагы иш тиртибин азыркы шартка ылайык жүргүзүүгө өтүштү.
«Медициналык текшерүүлөрдөн кийин амбулатордук дарылоого мүмкүн болгон оорулулар үйлөрүнө чыгарылып, үй-бүлөлүк дарыгерлердин кароосунда болушат. Үйгө чыгарылбагандар бизде эле дарыланып жатышат. Эгер COVID-19 үчүн орундар керек болсо, бизде дарыланып жаткандарды Бишкек жана Чүй обусундагы ооруканаларга которуу планы иштелип чыкты», - дейт УФБнун директору Болот Майканаев.
Ошол эле убакта, кургак учук менен ооругандардын басымдуу бөлүгү аймактарда жашагандыгыктан, аларга COVID-19 алдын алуу жөнүндө маалыматты жеткирүү маселеси чечилди. Керектүү маалыматтарды Улуттук фтизиатрия борбору Фейсбук баракчасына жайгаштырып, анан дагы бир катар социалдык тармактар аркылуу жайылтууда.
Кесиптик консультациялоого мөмкөндөктө камсыз кылуу боюнча ошондой эле заманбап технлогияны колдонуу менен ыкчам иш аракеттер актарылууда.

Толугураак КР ССМдин сайтынан окуңуз
Нет комментариев. Ваш будет первым!