​БУУӨП/ГФ Долбоору короновирус менен күрөшүү үчүн АКШнын жарым миллион долларына медициналык жабдуул

Проект ПРООН/ГФ закупает медицинское оборудование на полмиллиона долларов США для борьбы с коронавир
Проект ПРООН/ГФ закупает медицинское оборудование на полмиллиона долларов США для борьбы с коронавирусом

Өлкөнүн суроо-талабы боюнча, БУУӨП жана ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонддун Долбоору Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө жардам бериш үчүн, АКШнын 500 000 долларын бөлүп берди. Глобалдык фонд, каражаттарды кайрадан бөлүштүрүүгө муктаж өлкөлөргө ВИЧ жана кургак учук чөйрөсүндө пландаштырылган иш чаралардын гранттарынын эсебинен жаңы короновирус пандемиясына ыкчам жооп берүүнү камсыздоо үчүн уруксат берди.

Глобалдык Фонддун Долбоору өлкөнүн медициналык кызматкерлерине 50000 маска жана FFP2 2000 респиратор жеткирип беришти. Кошумча кайрадан бөлүнгөн каражаттар медициналык жабдууларды сатып алууга сарпталган: өпкөнү жасалма желдетүү 10 аппарат жана мурда Глобалдык Фонд тарабынан Кыргыз Республикасына кургак учукту жана ВИЧ үчүн алып келинген GeneXper аппаратынын жардамы менен COVID-19ду аныктоого мүмкүнчүлүк берген 6500 экспресс-диагностикалык тесттер. Бул тесттер артыкча кургак учук жана ВИЧке чалдыккан бейтаптарды аныктоодо колдонулат. ӨЖЖ аппараттар Улуттук фтизиатрия борборуна, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Ош жана Жалал-Абад облустук ооруканаларга бөлүштүрүү пландаштырылган.


Нет комментариев. Ваш будет первым!