2017-жылдын 29-июндагы Чолпон-Ата шаарындагы КСКК комитетинин сыртка чыгып өткөрүлүүчү отуруму

Выездное итоговое заседание Комитета КСОЗ 29 июня 2017 года в г. Чолпон-Ате
Комитет по борьбе с ВИЧ/СПИДом, туберкулезом и малярией провел итоговое заседание за первое полугодие 2017 года. Были заслушаны отчеты о проделанной работе Правления Комитета КСОЗ, Секретариата Комитета КСОЗ и двух Секторов Комитета КСОЗ

ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Комитети 2017-жылдын 29-июндагы 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына жыйынтык чыгарды.

Отурумдун күн тартибине ылайык КСКК Комитетинин Башкармалыгынын Төрагасы О.В. Гориндин акыркы жарым жылдагы жетишкендик жөнүндөгү сөзү угулду. О.В.Горин КСККдагы ӨККнын ийгиликтүү интеграцияланышын белиледи, бул ВИЧ менен кургак учукка каршы күрөшүү боюнча чараларды координациялоонун параллелдик жана кайталоочу структураларынын болушуна жана чечим кабыл алуунун жогорку деңгээлдүү бирдиктүү координациялык механизмин түзүү зарылдыгына окшогон маселелерди чече алат.

КСКК Комитетинин Билдирилмелерди даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо жана шайкештөө секторунун координатору Исламова Ш. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы сектордун ишмердүүлүгү жөнүндө мааалымдады.

Андан ары Сектордун эл аралык жана донор уюмдарынын каражаттарын сарптоону көзөмөлдөөнү ишке ашыруу, КСКК Комитетинин программаларды ишке ашыруу жана аларды жайылтуунун жыйынтыктары боюнча ишмердүүлүгүнүн 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына даярдалган отчету угулду. Маалыматты Сектордун координаторунун м.а. В. Майтиева берди.

Ошондой эле КСКК Комитетинин Катчылыгынын ишмердүүлүгүнүн 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына даярдалган отчету берилди. Катчылыктын иши жана каржылоонун жыйынтыгы жөнүндө тиешелүү маалымат менен КСКК Комитетинин Аткаруучу катчысы Темиралиев Т.А Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун(фидуциардык орган) генералдык директору Р.Ж. Алеев менен бирге чыгып сүйлөдү.

Отурумдун аягында КСКК Комитетинин Ички Эрежелери менен Процедураларынын долбоору жана КСКК Комитетинин Операциялык Маалымдамасынын долбоору бекитилди.

КСККдагы КККга кызматташуу жана интеграциялоо процессине жигердүү катышкандыгы үчүн Ардак грамоталар менен Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Нет комментариев. Ваш будет первым!