ВИЧтен сактаган вакцина жок, бирок бул илдет адамдардын өмүрүн албай калды

От ВИЧ не существует вакцины, но люди больше не умирают
От ВИЧ не существует вакцины, но люди больше не умирают

2019-жыл, 19-май. СПИДден көз жумгандарды эскерүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү Кыргызстанда да иш чаралар өтүүдө. Бул күнү дүйнөдө эпидемия башталган учурдан тартып СПИДден көз жумган 35,4 миллион адамды эскерип жатышат.

2019-жылдын 1-апрелине карата ВИЧ- инфекциясын жуктурган 9010 учур катталган, анын 8526 КР жарандары, 1952 адам көз жумду, ВИЧ менен жашагандардын болжолдуу саны - 7600 (5475-9960).

СПИДден көз жумгандарды эскерүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү - бул алдын алуучу программалар үчүн жөн гана кезектеги дата эмес. 35,4 миллиондун ар биринин артында адамдар жана алардын жеке таржымалы турат. Эгерде СПИД болбогондо, бул адамдардын таржымалы андан ары да өнүкмөк.

“Бул күнү ВИЧ инфекциясынан мурдагыдай эле вакцина табыла электигин, бирок дарылоонун натыйжалуу усулдары бар болгонун эске салгыбыз келет. Дарылоо ВИЧ менен жашаган адамдарга көп жылдар бою толук кандуу, сапаттуу жашоого жардам берет”, - деп айтты "СПИД" РБнын директору Үмүткан Жусуповна.

Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн айтымында, XXI кылымда СПИДден көз жумуу - акылга сыйбаган көрүнүш.

“Биз дарыланып жаткан бейтаптарга же терапиядан өтүү тууралуу эми гана ойлоно баштаган бардык адамдарга кайрылабыз. Өлкөдө дарылоонун натыйжалуу схемалары жана акысыз берилчү дарылар бар болгон чакта туруктуу дарыланууну уланта бериш керек. Ар бир адам өз ден соолугу үчүн жоопкерчиликти колго алып, дары ичип, ЖАШООНУ уланта бериши керек", - деп айтты "Өнөктөштөр тармагы" Ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев.

ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы директору Мээрим Сарыбаева буларды белгиледи:

"ВИЧ инфекциясын жуктурбаган адамдардын баары өзүнүн статусун билип, бери дегенде алты айда бир жолу ВИЧке акысыз жана жашыруун тесттен өтүп турушу керек. Тестти туруктуу тапшырып туруу тобокелдиктерди азайтып, эң негизгиси өзүңдүн жана түгөйүңдүн ден соолугу үчүн жоопкерчилик алууга шарт түзөт".

СПИДден көз жумгандарды эскерүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү бизге өлкөдө ВИЧ көйгөйү бар болгонун, өзүнөн өзү жоголуп кетпегенин эскертип турат. Биргелешип иш алып барып, мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүп, мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар, жамааттар менен эл аралык уюмдардын ортосундагы социалдык кызматташтыкты жакшыртуу менен биз 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын толугу менен токтото алабыз.

Маалымат КР ССМдин расмий сайтынан алынган
Нет комментариев. Ваш будет первым!