18-20- июнь, ЧЕБАда ДТ-КУну коопсуздуу дарылоо адвокациясы үчүн ЖКнын дараметин жогорулатуу боюнча р

18-20 июня, Региональная встреча по наращиванию потенциала ГО для адвокации безопасного лечения ЛУ-Т

18-20- июнь, ЧЕБАда ДТ-КУну коопсуздуу дарылоо адвокациясы үчүн ЖКнын дараметин жогорулатуу боюнча регионалдык жолугушуусу

Кургак учук менен күрөшүү боюнча Европалык коалиция (КУЕК) 18-20-июнда Киевде, Украина, өтүүчү Чыгыш Европа жана Борбордук Азия регионунда дарыга туруктуу кургак учукту дарылоонун коопсуздугун жана мүмкүндүгүн адвокациялоо үчүн жарандык коомдун дараметин жогорулатуу боюнча регионалдык жолугушууга катышуучуларды кабыл алуу жөнүндө билдирүүгө кубанычтуу.

http://www.tbcoalition.eu/ru/events/региональная-встреча-по-наращиванию/

Өзгөчөбейтаптар коомдоштуктардын, аярлуу топтор менен иштеген жана/же КУ, КУ/ВИЧ менен жашаган адамдарга кызмат көрсөткөн уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле адамдын муттаждыгына багытталган, КУ, КУ/ВИЧти дарылоодогу мүмкүндүктү адвокациялоо чөйрөсүндө иштеген жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышууга билдирмелери кубатталат.

Регионалдык жолугушуунун максаттары:

Сапатуу, адамга багытталган жана адамдын укугуна негизделген кургак учукка каршы жардамга жетиш үчүн ДССУнун ДТ-КУ боюнча жаңы жетектөөчү принциптери жөнүндө түшүнүктү жогорулатуу;
ДССУнун ДТ-КУ боюнча жаңы жетектөөчү принциптерин киргизүү үчүн өлкөлөрдө тоскоолдуктарды аныктоо жана ушул тоскоолдуктарды жеңүүдө жарандык коомдун ролун аныктоо;

Кургак учуктан дарылануудан өтүп жаткан адамдар тараптан, жаңы жана коопсуздуу дары-дармектерди колдонуу боюнча суроо-талабынын калыптанышы боюнча аракет кылуучу жарандык коомдункадамдарын аныктоо;

Адам укугуна негизинделген дарылоонун варианттарын тандоого тиешелүү маалыматтуу макулдуктун ролун түшүнүүнү жогорулатуу, жана жарандык коомго өзүнүн өлкөлөрүндө маалыматтуу макулдукту колдонуу практикасын жакшыртууга жардам берүү.

Дарылоонун кыйыр таасирин мониторинг кылуу үчүн ык-амалдарды түшүнүүнү жакшыртуу;

Катышуучуларды кургак учукка каршы препараттардын баасын төмөндөтүүгө жардам берүүчү эл аралык мажбурлоо жана ыктыярдуу лицензиялоо механизмдери менен тааныштыруу жана жөнгө салуу процессиндеги жарандык коомдун ролу менен тааныштыруу;

Түзүмдүк тоскоолдуктарды жеңүү үчүн ЧЕБа регионунда парламиентарийлерди ишке тартуунун эффективдүү каражаттарын аныктоо.

Ким регионалдык жолугушууга билдирмесин тапшыра алат?

Сиз регионалдык жолугушууга билдирмесин тапшыра аласыз, эгерде:

ü Сиз КУ, КУ/ВИЧ менен жашаган жергиликтүү адамдардын коомдоштуктарына сапаттуу, адамдын муктаждыгына багытталган кургак учукка каршы жардам алууга жардамбергиңиз келсе;

ü КУ, КУ/ВИЧ менен жашаган адамдарды дарылоо мүмкүндүгүн адвокациялоо чөйрөсүндө иштесеңиз;

ü Сиздин өлкөдө ДТ-КУну коопсуздуу жана жеткиликтүү дарылоого мүкүндүктү алга жылдырууга даяр болсоңуз;


ü жана төмөндө көрсөтүлгөн өлкөнүн бирнде жашасаңыз:


Украина

Өзбекстан

Тажикстан

Казакстан

Кыргызстан

Туркменстан

Азербайжан

Армения

Грузия

Молдова

Беларусь

Жолугушуунун материалдары англис жана орус тилдеринде болот. Сиз ушул тилдеринин биринде эркинсүйлөш керексиз.

Регионалдык жолугушууга катышуу үчүн орундар чектелген.

Жолугушууга билдирмени кантип тапшыруу керек?

Шилтеме бонча катышууга билдирмени толтуруңуз - https://forms.gle/SdZo6qciKmGq9DZ79

Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2019-ж. 16 майы, 23:59 борбордукевропалык убакыт боюнча

Жолугушууга катышуу үчүн чыгымдар:

КУЕК 2019-жылдын 18-20-июндагы регионалдык жолугушууга катышуу менен байланыштуу чыгымдарын (эконом класс менен учуу,жашоо, тамактануу) төлөйт.

Эгерде сизде кандайды бир суроолор туулса, сураныч, КУЕКтин адвокация жана саясаттар боюнча менеджери Юлия Каланча менен kalancha@tbcoalition.eu электрондук почтасы же . +38 (095) 468 46 40 телефону менен (орус жана/же англис тилдериндеги суроолор үчүн) байланышыңыз.

Маалымат бул жерден алынды

13:45
Нет комментариев. Ваш будет первым!