Кыргыз Республикасында кургак учук менен күрөшүү чөйрөсүндө беш жылдык жетишкендиктер

Пятилетние достижения в области борьбы с туберкулезом в Кыргызской Республике

Кыргыз Республикасында кургак учук менен күрөшүү чөйрөсүндө беш жылдык жетишкендиктер

Бүгүн, 5-апрелде, Кыргыз Республикасында кургак учук менен күрөшүү чөйрөсүндө беш жылдык жетишкендиктерге арналган конференция өтүп жатат.


Конференцияда акыркы беш жылда Кыргызстанда кургак учукка каршы кызматындагы реформанын жыйынтыктары талкууланат, ошондой эле өлкө-катышуучулар тарабынан алынган кургак учук менен күрөшүү боюнча негизги милдеттенмелерди аткаруу максатында, кургак учукка каршы кызматынын мындан аркы өнүгүү стратегиясы аныкталат.

Иш чараны саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Шадыханов Калысбек Токтосунович ачты: “Кургак учук менен күрөшүү саламаттык сактоо министрлигинин артыкча багыттарынын бири болуп эсептелинет, жана биз коомдунден соолугу, экономика үчүн кургак учуктун зыяндуу кесепеттери жөнүндө чечим кабыл алуучу адамдардын, коомчулуктун кабардар болгондугун жогорулатууга жана глобалдык көйгөй маселе менен күрөшүүнү активдештирүүгө умтулабыз. “

“ЮСАИДдин колдоосу менен көп нерсе жетишилди. Аткарылган иш – бул айсбергдин чети эле, ден соолукту коргоо, ошону ичинде кургак учук менен күрөшүү маселеси Саламаттык сактоо минстрлигинин иш аракетинен гана эмес, бардык тараптардын жалпы координацияланган аракетине көз каранды. Ошондуктан кургак учукту биротоло жок кылуу үчүн бардык министрликтерди жана ведомстволорду активдүү ишке тартуу зарыл” – деп Президенттин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн башчысы Назгуль Ташпаева белгилеп кетти.

“Кургак учуктун алды алуу маалыматты кенен жаюу үчүн медициналык кызматкерлер диний лидерлер менен маек өткөрүп жатышат” – деп Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Кыргызстандагы ЮСАИД миссиясынын башчысы Гэри Линден белгилегендей: “Толук жеңиш жөнүндө айтуу эрте. Биздин жумуштун эң маанилүү жыйынтыгы – бул сакталган өмүрлөр”.

Конференцияда бир күндүн ичиндетөмөнкү учурлар талкууланат:

Кыргыз Республикасында кургак учукту көзөмөлдөө жана КУ кызматтарын каржылоо саясаты;
Бейтапка багытталган сапаттуу КУ кызматтарды көрсөтүү максатында саламаттык сактоо тутумун күчөтүү;

Кыргыз Республикасында дары-дармекке туруктуу кургак учукту дарылоодогу инновациялык мамилелер (КДТ/КДТ КУ);

Коомдун КУ көйгөйгө мамилесин өзгөртүү;

Маалымат үчүн:

USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” жана “Кургак учукка чакырык”беш жылдык долбоорлорунун жардамы аркылуу Кыргызстанда жетишкен негизги жыйынтыктар:


Кургак учуктан каза табуу 26%га, ал ооруга чалдыгуу – 13%га кемиди.
Кургак учук кызматын оптимизациялоо – 19 млн. сомдон ашык үнөмдөөгө алып келди,алар кызматтын өзүндө сакталып калды жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында биринчи деңгээлдеги медициналык мекемелеринин дараметин күчөтүүгө, ошондой эле ушундай типтеги дары-дармек менен камсыздоочу эл аралык-донорлордон өлкөнүн көз карандыгын кичирейтүүчү кургак учукка каршы дары-дармектирди сатып алууга багытталган.

“Бейтапка багыт алуу” кургак учукту амбулатордуу (б.а. жашооо жеринде) дарылоо киргизилди, ал бейтапка өзү үчүн көнүмүш шарттарында дарылоону өтүүгө, ооруканада кармалууменен байланыштуукөп ай бою ооруканада жатып жана анын жакындарына каржылук куч келтирүүдөн бош болууга мүмкүнчүлүк берет.

Заманбап кургак учукка каршы дары-дармектерди коолдонуу менен дарылоонун жаңы режимдери (кыска мөөнөттүү, индивидуалдык) киргизилди, ал аныкталган учурларда дарылоонун мөөнөтүн 24 айдан 9 айга чейин кыскартууга жана оорулуунун жашоосун жеңилдетүүгө жана мамлекеттик бюджетке күч келтирүүнү төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Кургак учук лаборатордук тармак заманбап эл аралык стандарттардын ылайыгына келтирилди: борбордук-азиялык регион үчүн алдыңкы катардагы, уникалдык лаборатордук изилдөөлөрдүн түрү киргизилди; сапаттуу лаборатордук кызматтар оорулуулардын жашоо жерине жакындатылды; кургак учук лабораторияларына өз убагында жана ишенимдүү жеткирүү үчүн шарттарды түзүүчү какырыкты ташуу жаңы методу иштелип чыкты. Мунун бардыгы эрте диагностика үчүн тагыраак жана ыкчам лаборатордук жыйынтыктарды жана керектүү дарылоону баштаганга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Маалымат КР ССМдин расмий сайтынан алынды.

09:55
Нет комментариев. Ваш будет первым!