25-26-мартта Бишкекте КРде кургак учук менен күрөшүү бир айлыкка арналган ДССУнун Тегерек столу өттү

25-26 марта в Бишкеке состоялся Круглый стол ВОЗ, посвященный месячнику борьбы с туберкулезом в КР

25-26-мартта Бишкекте КРде кургак учук менен күрөшүү бир айлыкка арналган ДССУнун Тегерек столу өттү

Жыл сайын 24-мартта ден соолук, коом жана экономика үчүн кургак учуктун зыян кесепеттери жөнүндө коомчулуктун эскерүүсүн жогорулатууга жана глобалдык кургак эпидемиясы менен күрөшүү аракеттерин активдештирүүгө чакыруучу Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнү белгиленет. Бул күнү, 1882-жылы, д-р Роберт Кох кургак учукту козгоочу бактерияны ачканы жөнүндө жарыялаган, анын аркасынан бул ооруну дарылоо жана диагностика методдорун иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болгон.

Кургак учук дагы эле дүйнөдө жугуштуу оорулардан көз жумуунун алдыңкы себеби болуп келе жатат. Күндө бул алдын ала алуучу жана айыктыруучу оорудан 4 500 адамга чейин көз жумат, ал эми 30 000 адам аны менен ооруйт. Баалоого жараша, 2000-жылдан баштап кургак учук менен курөшүү боюнча глобалдык аракеттеринин аркасынан 54 миллион өмүр сакталып калган, ал эми кургак учуктан каза тапкандардын көрсөткүчү 42% га кыскарды.
2018-жылдын сентябрында кургак учукка каршылыкты тездетүүгө жана өлкөлөрдө максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүгө умтулуп, мамлекеттин башчылары тарыхта биринчи жолу БУУнун жогорку деңгээлиндеги Отурумун өткөрүштү, анда алар кургак учукту жок кылуу боюнча масштабдуу милдеттенмелерди өзүнө алышты.

2019-жылдын Дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнү дүйнөлүк лидерлердине төмөнкү чөйрөлөрдө милдеттенмелерин батыраак аткаруу зарылчылыгын эстетүүчү “Аракет кылуу мезгили келди” ураанынын алдында өтүп жатат:

алдын алуу жана дадылоого мүмкүндүктү кеңейтүү;

отчетулукту күчөтүү;

жетишерлик жана туруктуу каржылоону, анын ичинде илимий изилдөө үчүн, каржылоону камсыз кылуу;

стигматизация жана басмырлоону токтотууга жардам көрсөтүү;

адилеттүүлүк принцибиндеги кургак учукка каршы иш аракеттерди кеңейтүү, адамдын укугун сактоо жана адамдын муктаждыктарын эске алуу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Глобалдык фонд жана “Кургак учукту токтотуу” Өнөктөштүк менен бирдикте кургак учукка каршы боюнча чараларды тездетүүгө жана саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы каптоо жетишкендиктерге ДССУнун жалпы багытынын чегинде жардам берүүгө мүмкүндүктү камсыздоого багытталган "Find. Treat. All. #EndTB" (“Табуу, бардыгын дарылоо#КУну жок кылуу”) демилгесин баштады.

Бул Дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнүндө ДССУ өкмөттөрдү, кургак учук көйгөйү менен тааныш коомдуштуктарды, жарандык коомдук уюмдарды, саламаттык сактоо мекемелерди жана улуттук жана эл аралык өнөктөштөрдү эч ким көңүлсүз калбашы үчүн “Табуу, бардыгын дарылоо#КУну жок кылуу” ураандын астында күчтөрдү бириктирүүгө чакырат.


Аракет кылуу мезгили келди! КУну жок кылуу керек!

Маалымат КР ДССУ сайтынан алынды.
14:20
Нет комментариев. Ваш будет первым!