Дин өкүлдөрү менен дарыгерлер биригип кургак учук менен күрөшүштү
- алдын ала даярдалган диний жетекчилер аркылуу калк арасында кургак учук тууралуу туура маалыматты үзгүлтүксүз пропагандалоо жана жайылтуу (оорунун белгилери, өз убагында дарылоонун, аныктоонун жана эрте дарылоонун мааниси, амбулатордук дарылоонун артыкчылыктары);
- өз ден соолугуна жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- стигманы жана дискриминацияны жана гендердик теңсиздикти азайтуу үчүн кургак учук менен ооругандарга коомчулуктун мамилесин өзгөртүү;
- кургак учукту амбулатордук дарылоого оң көз карашты калыптандыруу жана бейтаптардын дарылоого даярдыгын (каршылыгын) жогорулатуу;
- кургак учукка каршы күрөшүү үчүн социалдык мобилизациялоого катышуу, кургак учук менен ооругандарга социалдык жардам жана колдоо көрсөтүү;
- КМДБнын мечиттеринде жана окуу жайларында маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрүү;
- кургак учук маселеси боюнча калк үчүн ар кандай маалыматтык-билим берүүчү материалдарды түзүүдө кызматташуу, кургак учук темасына арналган массалык маалымат каражаттарынын программаларына катышуу.
Маалымат үчүн.
«Кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүдө жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоонун максаттарына жетишүүгө багытталган «Кургак учук-V» программасында өзүнчө пункт катары жазылган. Уюм (ВОЗ) - 2035-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча кургак учукту жок кылуу. Калкты маалымдоо кургак учукка каршы улуттук программанын маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат. Калктын кургак учук боюнча жетишсиз билими жана бейтаптарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата стигманын жогорку деңгээли эрте аныктоону, диагностикалоону жана дарылоону жакшыртууга тоскоол болууда, ошондой эле бул оорунун жайылышына шарт түзөт.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин сайтындагы булактан алынды