Борбордо СПИДден каза болгондорду эскерүү акциясы болуп өтөт

В память умерших от СПИДа в столице пройдет акция
26 мая, с 18.30 до 20.30 в г. Бишкеке в парке Южные ворота Республиканский центр "СПИД" совместно с международными партнёрами USAID/PSI, AFEW проведут акцию, посвященную международному дню памяти умерших от СПИДа

26-майда, саат 18.30дан20.30га чейин Бишкек шаарында Түштүк дарбаза сейил багында«СПИД» Республикалык борбору USAID/PSI, AFEW эл аралык өнөктөштөрү менен бирдиктеСПИДден каза болгондорду эскерүүгө арналган акцияны өткөрүшөт.Бул дата адатта майдын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана ВИЧ-инфекциясынан жана СПИДден каза болгон миллиондогон белгилүү жана көп белгилүү болбогон адамдардыдагы бир жолу эскеришет жанаВИЧ-ырасталган адамдарга колдоо көрсөтүшөт.Иш-чарага катышууга ата-мекендик эстрада жылдыздары чакырылат, жаштар үчүн конкурстар уюштурулат.

Акцияны уюштуруучулар төмөнкү максаттарды ишке ашырууга умтулушат:калктын, өзгөчө жаштар арасында ВИЧ/СПИД жөнүндөгү маалыматтуулугунун деңгээлин жакшыртуу; ВИЧ оорусу менен жашап жаткандарга толеранттуулуктун деңгээлин жогорулатуу; ВИЧ оорусу менен жашап жаткандарды бардык тейлөө чөйрөсүнө мүмкүндүгүн кеңейтүү (алдын алуу, дарылоо, кароо жана профессионалдуу социалдык колдоо, тестирлөө);ВИЧ оорусу менен жашап жаткандар үчүн туруктуу тейлөө чөйрөсүн калыптандыруу; коомдоштуктардын потенциалын бекемдөө.

“СПИД” Республикалык борбордун директору Улан Кадырбековдун айтымында бүгүнкү күндө Кыргызстанда 7287 ВИЧ-жугузуу учурлары катталган, алардын ичинен 1600 адам каза болду.Пациенттердин көбү кургак учук инфекциясы менен ВИЧ оорусунун айкалышынан улам каза табышты.ВИЧти жыныстык жактан жугушунун өсүшү байкалат.Кээ бир областарды жыныстык жол менен жугуу 80% жетет, ушуга байланыштууэгерде тез арада чара көрүп, ЮНЕЙДЕС стратегиясына ылайык бардык учурлардагы инфекцияны аныктоону 90% чейин жеткирбесе жана аларды терапияга тартпаса ВИЧ оорусу чынында популяцияга чыгып кетиши мүмкүн.Жүргүзүлгөн эл аралык изилдөөлөргө ылайык бир аныкталган ретровируска каршы терапиянын препараттарын кабыл алуучу пациент бир жыл ичинде эң аз дегенде ВИЧ жугузган бирөөнү алдын алуу болуп саналат.

Нет комментариев. Ваш будет первым!