“БУУ биздин адам укутарыбызды коргой алабы?” колдонмосу
“БУУ биздин адам укутарыбызды коргой алабы?” колдонмосу
Формалдуу эмес CEDAW Коалициясы Сорос-Кыргызстан Фондусунун колдоосу менен “БУУ биздин адам укутарыбызды коргой алабы?” колдонмосун жарыялады.
Формалдуу эмес CEDAW Коалициясы Сорос-Кыргызстан Фондусунун колдоосу менен “БУУ биздин адам укутарыбызды коргой алабы?” колдонмосун CEDAW Конвенциясынын үлгүсүндө жарыялады. Колдонмо коомдоштуктар менен – ЛГБТ, ВИЧ менен жашаган адамдар,баңги заттарды колдонуучулар жана секс-кызматкерлер менен талаа шарттарында жана офистерде жолугушууларды өткөрүү үчүн иштелип чыккан.
Биздин аракеттерге биздин коомдоштуктардын абалын жакшыртуу үчүнколдоо керек, биринчи ирээтте, коомдоштуктардагы көбүнчө адамдар өзүнүн кырдаалды өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүнө ишениши керек.
Коалициянын мүчөлөрү колдонмону бир жылдын ичинде бирге иштеп чыгышты, процесс бир нече этапты камтыган:
- Идеяларды чогултуу: мурун ӨЭУда иш же волонтердуктажрыйбасы жок адамдар менен кантип коргоонун эл аралык механизми жөнүндө сөз баштоого болот.
- Бишкекте жана өлкөнүн 2 облусунда сомонун талаа апробацисы колдонмо практикада кандайча иштээрин түшүнүүгө жардам берди
- Коалиция ичиндеги консультациялар колдонмону биздин каалаган коомдоштуктарда тематикалык сессияларды өткөрүү үчүн колдонууга жарамдуу кылууга жардам берди, ошондой эле колдонмо коомдоштуктардын бири-бирин түшүнүүнү жакшыртууга жана бири-бирин кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Колдонмо ырааттуу суроолордун серияларынан түзүлгөн, аларды талкуулоодо, катышуучулардын тобу акырындык менен өзүнүн адам укутарын коргоо жана илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү негизги жыйынтыктарга жетет.
Тиркелген файлдарда орус жана кыргыз тилиндеги жарыя.
Биринчи тираж толугу менен таратылган. Дагы бир тираж чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Эгерде кимдир бирөө жарыянын катууверсиясын алууну кааласа, сураныч, жазыңыздар.
CEDAW формалдуу эмес Коалиция
Маалым кат: CEDAW формалдуу эмес Коалиция 2014-жылы түзүлгөн. Азыркы убакытта Коалиция 13 уюмду бириктирет – Зыянды Төмөндөтүү Тармагы Ассоциациясы, Астерия, Ганеша, Лабрис, Теңтуш аял, Позитивдүү Диалог, Жарыкчылык, Чыгыш-Батыш СПИД Фонду, Таис Плюс , Таис Плюс Эки , Улукман Дарыгер, Шах-Айым жана Юристер адамукугу үчүн..
Эки тилдеги колдонмо төмөнкү жерде тиркелген.