Маалыматграфика: 1 519 ВИЧ жуктуруп алган Кыргызстандыктар каза тапты.
Кыргызстанда 7 024- ВИЧ-аныкталгандар катталган. Бул сандын ичинен 336 – чет өлкөлүк жарандар. Бул сан 2016- жылдын 1-декабрына актуалдуу деп “СПИД” Республикалык борбору кабарлады. ВИЧ-инфекция оорусунун өсүү көрүнүшүндө жалпысынан республика боюнча Таласс жана Баткен облустарында көбүрөөк жагымдуу жагдай жаралган: 2016-жылда 12 ай ичинде бул региондордогу инфекцияны аныктоо динамикасы 13 жана 16 адамды түзгөн, демек 23 адам Нарын облусунда, 29 – Ысык-Көл облусунда, 51 – Ошто, 67 – Жалал-Абад облусунда, 92 – Ош облусунда, 116 – Бишкекте жана 224 – Чүй облусунда катталган.