БУУӨП: 2020-жылга ВИЧ жуктургандар үч эсеге көп болушу мүмкүн
Кыргызстанда
ВИЧинфекциясына байланышкан кырдаал начарлады. Мындай маалыматтарды Бириккен
Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасы келтирди. Эгерде бийлик бул проблеманы
карабаса, 2020-жылга бул жерде 20 миң инфекция алып жүрүүчүлөр катталат, ал эми
8 миң адам өз убагында дарыланбаганы жана алдын алуу программасынын
жетишсиздигинен каза табышы мүмкүн. БУУӨП маалыматтары боюнча быйыл республика
боюнча 7 100 ВИЧ жугузгандар катталган. “20 миң жаңыдан ооруу жугузгандар пайда
болсо эмне болот?” оорулууларга дары- дармекке гана жылына 4 миллион доллар
керек болот. Балким мамлекет азыркы учурда калктын негизги топторуна
багытталган алдын алуу программаларына миллион доллар багыштоо туура болор”, -
деп БУУӨП пресс-релизинде айтылган.