Кыргызстанда ВИЧ оорулуу балдар ретровируска каршы дарылоодон өтүшөт

В Кыргызстане дети с ВИЧ получат антиретровирусное лечение
Детский фонд ООН (ЮНИСЕФ) в Кыргызстане в своей работе по борьбе с ВИЧ планирует охватить 95% всех ВИЧ-инфицированных детей и подростков антиретровирусным лечением

2017-жылдын аягындаКыргызстандагы ВИЧ оорулуу балдар менен өспүрүмдөр ретровируска каршы дарылоодон өтүшөт. БУУнун Кыргызстандагы балдар фонду(ЮНИСЕФ) ВИЧ менен күрөшүү боюнча ишинде ретровируска каршы дарылоо менен ВИЧ оорулуу балдар менен өспүрүмдөрдүн 95% камтууну пландоодо. ВИЧ оорулуу балдардын ден- соолугун жакшыртуу жана ВИЧти эрте диагностоо боюнча иш-чаралар 2017-жылдын мартынан- декабр айына чейин бүт өлкө боюнча жүргүзүлөт. Иш-чаралар БУУнунВИЧ\СПИД боюнча Бириккен программасы(ЮНЭЙДЕС) тарабынан Россия Федерациясынын колдоосу менен Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда ВИЧ жана башка жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча программа аркылуу жана каржыланат.

Кыргызстанда 2017-жылдын январына 717 ВИЧ жуктурулган балдар менен өспүрүмдөр катталган, алардын ичинен 417 ретровируска каршы дарылануудан өтүүдө. Жыл сайын ВИЧ жуктурган энелерден 70-80 жакын ымыркайлар төрөлүүдө. Бирок ВИЧтин энеден балага өтүүсүн медициналык мекемелерде алдын алуу боюнча чаралардын(БЭӨАА) жардамы жана кош бойлуу аялдар арасында Баладан Энеге ВИЧ оорусунун Өтүүсүн Алдын Алууну камтуу менен балдар ВИЧтен тышкары төрөлүүдө.

Ошондой эле ВИЧти кандын кургак тамчысы боюнча диагностоо методикасынын өз убагында болгону балдарды дарылоону эрте баштоого жардам берет, ошону менен аларга дени сактыкка жана жашоого мүмкүндүк берет. ВИЧ оорусу бар балдар жана өспүрүмдөр вирустун тарап кетүү коркунучуна кабылышат. 2007-жылдан бери аныкталган ВИЧ- позитивдүү балдардын 90% көбү, өздөрүнүн ВИЧ-статусу жөнүндө билишпейт жана квалификациялуу психо-социалдык жардам алышпайт. 15 жаштан 24 жашка чейинки аялдардын 19,8% гана ВИЧ жөнүндө ар тараптуу билимге ээ (ВИЧти жыныстык жактан жугузууну алдын алуу ыкмаларын жана ВИЧтин жугуу жолдору жөнүндөгү негизги туура эмес ойлорду туура аныкташат). Инъекциялардын коопсуз эмес практикасы, коопсуз эмес сексуалдык практиканын айкашуусу калктын негизги топтору арасында ВИЧти жугузуунун жогорку деңгээлине алып келди.

Нет комментариев. Ваш будет первым!