ГИГИЕНА ЖАНА БАГУУ

Гигиена –  бул адамдын ден соолугуна курчаган айлана-чөйрөнүн ар кандай фокторлорунун таасирин, анын өмүрүнүн узундугу жана  ишке жарамдуулугун  изилдөөчү илим. Бул макалада ВИЧ-инфекцияга байланыштуу гигиенанын өзгөчөлүгү тууралуу кеп жүргүзүлөт. Бул бейтап үчүн да, аны багып жаткандар үчүн да маанилүү. Бул жерде айтылган кээ бир кеңештер бейтапка, кээ бири – аны багып жаткан адамдарга, ал эми кээ бири буга да, тигиге да тийиштүү. Биз жеке гигиена эрежелерине, үй чарбаны алып баруудагы гигиенага жана жугушсуздандыруу методдоруна өзгөчө көңүл бурабыз.

Корутундусунда атайын бейтаптарды багуучуларга багышталган бир топ кеңештер сунушталат.

Гигиена эрежелерин эмне үчүн аткаруу зарыл

Гигиена эрежелерин тутуу жана гигиеналык иш чараларды аткаруу адамдын ден соолугун сактайт жана ВИЧ, сарык вирусу, ичеги бактериялар ж.б. сыяктуу көп жугуштуу оорулардын козгогучтарынын жайылышын алдын алат.

ВИЧ-инфекция менен жугуу мүмкүнчүлүгү тиричиликте абдан аз!

Эгерде гигиена эрежелерин тутса, бейтапты тейлөөчү үй-бүлө мүчөлөрү, жолдоштор же медициналык кызматкер, ВИЧ-инфекцияга чалдыгуу мүмкүнчүлүгү өтө эле аз. ВИЧке жуккан адам айланадагылар үчүн коркунуч туудурат деген жергиликтүү элестетүү абдан туура эмес. Тажрыйба көрсөткөндөй, бейтапты багып жаткан адамдар, жугушуу мүмкүнчүлүгү аз экенин билсе да, баары бир коркунучту сезишет.

Мисалы, алар адамдын заңдоосу же башка адамдын калдык заттарынын арылышы аркылуу жугуудан коркушат. Бул коркунучтар табигый нерсе. Эгерде пациентти багуучулар өзүнүн жумушун шашпай аткарса жана гигиена эрежелерин сактаса, коркунуч дайыма бат эле өтүп кетет. Коркунучка алынуучу адамдар, анын сырткы билдирүүсүнөн качууга зарыл, себеби бейтап айланадагылар чымырканганын сезет да, анын жанынын оорусуна алып келет. Эгерде бул суроо майда-чүйдөсүнө чейин дарыгер же медициналык айым менен талкулоодон кийин да жугуу коркунуч сезими кетпесе, мүмкүнчүлүк боюнча бир канча убакытка чейин ВИЧ-инфекциясы бар бейтапты багуудан баш тартуу туура болот. Убакыт өткөн сайын багуучулар кыраакылыкты жоготушат жана баштагыдай гигиена эрежелерин кылдаттык менен сактабай калышат. Алар жугушуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлобой калышат. А бул болсо коркунучтуу. Мындай болбош керек. Бейтапты багуучу адам сөзсүз жана ар дайым гигиена эрежесин сактоосу зарыл.

ВИЧ-инфекциясына чалдыгуу мүмкүнчүлүгү качан болот?

Жугушуу коркунучу кан, бел суу жана аялдын жыныс кынынын бөлүп чыгуулары менен карым-катнаштарда гана  болот!

Заарада, заңдоодо, кузундуда, шилекейде, жашта жана терде ВИЧ бар, бирок ушунчалык аз санда болгондуктан, бул бөлүп чыгуулар жугуштуу эмес. Бирок эгерде заңдоодо, заарада, кузунду жана шилекейде көрүнүүчү кан бар болсо, анда ВИЧ-инфекцияга чалдыгуу коркунучу бар. Бул главада бейтаптын кан, бел суу жана аялдын жыныс кынынын бөлүп чыгуулары менен катнашта ВИЧ –инфекцияга чалдыгууну алдын алуу үчүн гигиенанын эрежелери сүрөттөлүп кетет. Башка учурларда ВИЧ-инфекция менен жугушуу болбойт. Гигиенанын ошол эле эрежелерин сактоо ар кандай башка жугуштуу ооруларга чалдыгууну алдын алуу үчүн да милдеттүү.

Мээлей, маска жана алжапкычты качан колдонот?

Мээлей керек болот:

  • эгерде адам кан, бел суу жана аялдын жыныс кынынын бөлүп чыгуулары менен байланышта болсо (ВИЧ-инфекцияга чалдыгуу тобокели бар);
  • эгерде заңдоо, заара жана кузунду массалары менен түздөн-түз байланышы бар болсо (башка жугуштуу ооруларга, мисалы ичеги инфекцияларга, чалдыгуу тобокели бар);
  • эгерде багуучунун териси бузулса жана пластырь колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болсо.

Маска жөтөл жана чүчкүрүк аркылуу (өзгөчө, кургак учук) инфекцияга жугушууну алдын алганга керек.

Алжапкыч кийимди заңдануу, заара, кузунду ж.б. сактоо үчүн зарыл.

Жыйнаштыруу жана жугушсуздандыруу

Жыйнаштыруу менен жугушсуздандыруунун айырмасы, жыйнаштырууда булгануулар гана тазаланса, ал эми жугушсуздандырууда жугушсуздандыруу каражаттардын жардамы менен жугуштуу ооруларды козгогучтар (ошонун ичинде ВИЧ дагы) жок кылынат.

Качан жыйнаштыруу гана өткөрүлөт?

Үй чарбада ВИЧ-инфекциясы бар адамдар үчүн дайыма жыйнаштыруу жүргүзүү керек. Жугушсуздандыруу каражаттарды оппортунисттик инфекция, мисалы кургак учукка чалдыгуу тобокели, бар убакта колдонуу зарыл.

Кайсы учурда жугушсуздандырууну өткөрүү зарыл?

Кээ бир  эмерек буюмдарды жана төшөлмөнү ВИЧ-инфекция жугуу коркунучу болгондо гана жугушсуздандыруу керек, б.а. эгер алар кан же аялдын жыныс кынынын бөлүп чыгуулары менен булганган учурда.

Жугушсуздандыруу кантип жүргүзүлөт?

Жугушсуздандырууну булгануудан кийин батыраак жүргүзүү керек. Жугушсуздандырууда резина мээлейлерди колдонот, бир жолу колдонуучусу бардыгынан жакшыраак (аларды дарыканадан алса болот).

Жугушсуздандыруунун биринчи баскычы: булганууну салфетка менен (бардыгынан жакшыраагы кагаздан) жок кылуу. Колдонгондон кийин аларды токтоосуздан полиэтилен пакетке  салуу керек, себеби алар жугуштуу болуп калышат.

Жугушсуздандыруунун экинчи баскычы: үстүнкү бетин кадимки  жуугуч каражат  (самын же кир жуучу тоз ) кошулган ысык суу менен жууп чыгуу.

Жугушсуздандыруунун үчүнчү баскычы: үстүнкү бетин жугушсуздандыруу каражат менен тазалоо (жугушсуздандыруу эритмеге нымдалган эски-уску кездеме менен кылдаттык түрдө сүртүү керек). Бир жолу колдонуучу мээлейди ыргытып жибериш керек;  ашканалык резина мээлейлерди жуугуч каражаттар менен тазалап, аккан сууга чайкап жана аягында колду жууш керек.

Кандай жугушсуздандыруу каражаттарды колдонууга болот?

Бардыгынан дүкөндөрдөн жана дарыканалардан даяр жугушсуздандыруу каражаттарды алып жана аларды нускама боюнча колдонуу жакшы болот.

Хлор камтыган суюндуктар:

  • Дүкөндө сатылуучу хлордун куюлтулган суюндугун сизге керектүү концентрациясына чейин пропорцияда эритүү керек.
  • Хлор камтыган суюндуктарды башка каражаттар менен аралаштырбагыла, бул коркунучтуу бууланууга алып келет.
  • Балдардын хлор эритмелер менен болгон байланышына жол бербегиле.
  • Хлор агартуу сапатына ээ (кийимде, жер төшөлмөлөрдө ж.б. ак тактар пайда болот) жана металлдын коррозиясына алып келет.
  • Хлор эритмелерди караңгы жерлерде сактоо керек.
  • Терини хлор менен тазалоо үчүн (эч качан – жарааттарды айыктырууда) колдонууга  болбойт.
  • Хлорду кичине жабык жайларда колдонууда этияттыкты сактоо керек, хлор эритмелер менен иштөөдө жакшы вентиляция болуу зарыл, себеби хлор уулуу бууланууну түзүшү мүмкүн.
Спирт камтыган жугушсуздандыруу каражаттар.

Бул каражаттар 85%га жакын этил спиртин камтышат. Алардын артыкчылыгы, алар бат жыйынтык көрсөтөт жана теринин катуу дүүлүктүрүүсүнө алып келбейт. Ал эми кемчилиги, алардын күйгүзүп жибериши бар жана ошондуктан колдонууда этиятыкты талап кылат. Өзгөчө медикаменттердин жана сыркоонун кесепетинен жай кыймылдоочулар бул жөнүндө эстеп жүрүүсү зарыл.
Бул каражаттарды көпкө чейин колдонгондо жасалма ткандардын бузулушуна  жана теринин дүүлүгүсүнө алып келет.Спирт органикалык (кан же заңдануу сыяктуу) заттар менен байланышта өзүнүн ишкердүүлүгүн жоготоорун билүү зарыл, ошондуктан бул каражаттар менен жугушсуздандыруунун алдында үстүнкү бетин тазалап алуу керек.