ДАРЫЛООНУН НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ

Азырки күнгө чейинВИЧ-инфекциясынын терапиясы эң татаал жана чечилбеген көйгөй маселе болуп калууда, себеби ВИЧ-инфекция менен ооругандарды таптакыр айыктыруучу каражат жок. Ошол себептен дарылоочу иш чаралар ооруну алдын алуу же күчөшүн басаңдатууга багытталган. ВИЧ-инфекциясын дарылоодо ретровируска каршы терапияны, оппортунисттик инфекцияларды, ошондой эле кээ бир патогендик синдромдорду алдын алуу жана дарылоону бөлүп көрсөтүшөт.

Ретровируска каршы терапия жашоонун узундугун шексиз узартууга жана СПИДдин өнүгүшүнүн убагын алыстатууга мүмкүнчүлүк берет.

ВИЧ-инфекцияга чалдыккан бейтаптарды ийгиликтүү дарылоо үчүн: ВИЧке түздөн-түз багытталган химиотерапевдик каражаттардын болушу; конкретүү бейтапта инфекциянын клиникалык жүрүшүн аныктоочу оппортунисттик митечилик, вирустук, протозойлук жана грибок инфекцияларды дарылоочу дары препараттардын болушу; онкопатологиялык терапиянын мүмкүнчүлүгү; ВИЧке мүнөздүү болгон иммунодефицит жана патологиялык шартталган аллергиялык, аутоиммундук жана иммунокомплекстик синдром дарылоочу препараттар менен түздөө керек.

Заманбап шарттарда ВИЧ-инфекция учурунда үч топтогу препараттар: вирустун ферменттерине таасир этүүчү – ВИЧке тескери транскриптеш басаңдатуучу нуклеозиддердин сыяктуулар; ошол эле ферменттин нуклеозид эмес басаңдаткычтары; ВИЧ протеаз басаңдаткычтар колдонулат.

Ретровируска каршы препараттардын негизги принциптери:

  • дарылоону иммуножетишсиздиктин канчалык бир олуттуу өнүгүшүүсүнүн башталышына чейин жана өмүр бою өткөрүү зарыл
  • терапия ретровируска каршы үч-төрт препараттардын айкалышы менен өткөрүлөт (ВИЧ-инфекцияга чалдыккандарды ушул тактика менен алып баруу ретровируска каршы жогорку активдүү терапия, кыскача РКЖАТ деп белгиленген).

Даарылоонун натыйжалуулугу вирустук жүктөмдүн өлчөмү жана СD4+ Т-лимфоциттердин санынын динамикасын аныктоо менен көзөмөлдөнөт.

Ошентип, ВИЧ-инфекциясын дарылоодо колдонулуучу методдорду шарттуу түрдө эки топко бөлсө болот:

  • биринчи: ВИЧке каршы багытталган ретровируска каршы преапраттарды колдонуу
  • экинчи: ВИЧтин фонунда өнүгүп жаткан  башка инфекцияларга жана майып болууларга каршы дары каражаттарды колдонуу

Ретровируска каршы терапия азырынча олуттуу кемчиликтерге ээ:

  • дарылоонун жогорку баасы
  • көрүнүп туруучу кыйыр таасирлер
  • кабыл алуучу препараттарга резистенттүүлүктүн өнүгүү мүмкүнчүлүгү
  • аларды бат-баттан алмаштыруу зарылчылыгы
  • чоң сандагы дары каражаттарды көп жыл ичинде кабыл алуу