ВИЧ-ИНФЕКЦИЯНЫ ДИАГНОСТИКАЛОО

 

Азыркы убакытта ВИЧ-инфециясынын лаборатордук диагностикасы үчүн ар кандай ВИЧти, антигендерди жана генндик материалдарды  табуу методдорду, ошондой эле ВИЧке антителолорду табуу (б.а. вирусологиялык, молекулярдык-генетикалык (ПЖЧ) жана серологиялык (ИФА, ИХА, иммундук блот) методдорун колдонушат. Стандарттуу жана эң эле жеткиликтүү процедура кийинки иммундук блоттингдеги иректеги антителолордун айрыкчалыктарын ырастоосу менен реагенттердин топтомунун жардамы менен ВИЧке антителолорду табуу болуп саналат.

Азыркы убакта ВИЧ-инфекциянын лабораторлук диагностикасынын стандарттуу процедурасы  катары ВИЧке анителолорду табуу болуп саналат (диагностиканын биринчи деңгээли). ИФА, ИХАнын оң ирегинде антителолордун спецификасын аныктоо үчүн иммундук блоттинг өткөрүлөт(диагностиканын экинчи деңгээли). Иммундук ирек блоттинги СПИД МШБда коюлат.

ВИЧке жуккан организмде антителолор табылбаган убакыт интервалы "серонегативдик терезе” мезгили деп аталат. Бул мезгилдеги текшерүү организмдеги вирустун жогорку концентрациясы болгон мезгилде да терс жыйынтык бериши  мүмкүн. Демек, тесттин терс жыйынтыгын ырастоо үчүн, "кооптуу” кырдаалдын жыйынтыгында ВИЧке жугуу мүмкүнчүлүгү болгон алты айдан кийин ИФАда  кайталоо зарыл.

Лабораторлук анализдер ВИЧ-инфекцияны диагностикалоодогу негизги тогоо болуп саналат, андан башка да, өз убагында спецификалык дарылоону дайындоо жана өткөрүлүп жаткан терапиянын эффективдүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн өзгөчө зарыл.

Бейтаптарды туруктуу текшерүү жүргүзүү дарылоонун эффективдүүлүгүн көзөмөлдөөгө, кошо жүрүүчү ооруларды табууга, кыйыр таасирлерди көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Бейтаптарды, дарылоочу дарыгер дайындаган схема боюнча, үзгүлтүксүз текшерүү, ретровируска каршы препараттардын комбинациясын шайкеш тандоосунда, өз убагында мүмкүн болуучу кыйыр таасирлерди байкоодо, кошо жүрүүчү ооруларды көзөмөлдөөдө  чечүүчү мааниге ээ болот.

 

13:36