ВИЧ-ИНФЕКЦИЯСЫНЫН ЭПИДЕМИОЛОГИЯСЫ

 

ВИЧ-инфекциясынын пандемиясы 30 жылдан бери узарып келе жатат. Биринчи жолу кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому (СПИД) 1981-ж. сүрөттөлүп келген. Көп жыл бою ВИЧ-инфекцияны жана анын акыркы СПИД стадиясын гомосексуалдардын жана баңгилердин оорусу катары каралуучу. Азыркы убакта ВИЧ-инфекция – зор медико-социалдык көйгөй маселелердин бири, себеби ВИЧ-инфекцияга чалдыккандардын жана ВИЧ жугушкандардын саны бүткүл дүйнөдө жугуу тобокел факторлор бар топторго кирбеген адамдарды камтып, тайбай өсүүдө.

2001-ж. июнунда ВИЧ/СПИД проблемасына БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын сессиясы арналган. Ассамблеянын катышуучуларына кайрылуусунда БУУнун Башкы катчысы Кофи А.Аннан "СПИД эпидемиясы кайда гана келип чыкпаса, аны болгон социалдык-экономикалык маселелер күчөтөт. Акыркы жыйынтыкта биздин колдонмонун эффективдүүлүгү биз ушул коркунучтуу оорунун өнүгүшүүсүн шартточу - жакырчылык, теңсиздик жана инфраструктуралардын шайкешсиздик проблемаларын канчалык ишендире чечишээрибиз менен аныкталат. Ошентип гана биз ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүүдө өзүнүн лидерлик ролун толук аткарууга жардам берүүчү жарандардын, коомчолордун жана өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алабыз,” – деп белгилеген.

Өткөн кылымдын 80-жылдары эң көп катталган ВИЧ-инфекция учурлары Борбордук Африка жана АКШга тийиштүү болсо, 2000-ж. аягында эпидемияга бардык континенттер катышкан.

ДССУнун эксперттердин баасы боюнча 2014-жылы ВИЧ менен дүйнөдө жашаган адамдардын саны 36,9 [34,3-41,4] миллионду түзгөн. Мында Африка өлкөлөрүндө Сахарадан түштүгүрөөк, алардын саны  25,8 [24,0–28,7] млн. түзгөн, Азия-Тынч океан аймагында - 5 [4,5–5,6] млн., Латын Америкада - 1,7 [1,4–2] млн., Батыш жана Борбордук Европада жана Түндүк Америкада - 2,4 [1,5–3,5] млн., Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда - 1,5 [1,3–1,8] млн., Кариб бассейнде- 280 тыс. [210–340] миң, Жакын Чыгышта жана Түндүк Африкада - 240 [150–320] миң.

2000-жылдан бери дүйнөдө 38,1 миллион адам ВИЧке чалдыккан  жана 25,3 миллион адам СПИД менен байланыштуу оорулардан көз жумган.

2014-жылы жаңы ВИЧ-инфекция  учурлардын баалоо саны: Африкада Сахарадан түштүгүрөөк - 1,4 [1,2–1,5] млн., Азия-Тынч океан аймагында  - 340 [240 – 480] миң, в Латын Америкада - 87 [70–100] миң,  Батыш жана Борбордук Европада жана Түндүк Америкада - 85 [48 –130] миң, Чыгыш Европада жана Борбордук Азии - 140 [110 –160] миң, в Кариб бассейнде - 13 [9,6–17] миң, Жакын Чыгышта жана Түндүк Африкада - 22 [13–33] миңди түзгөн.

Бул маалыматтарга жараша, эң көп ВИЧтин жайылуусуна чалдыккан катары Сахарадан түштүгүрөөк жайгашкан өлкөлөр калып жатат. Азия аймактарында ВИЧ-инфекция эпидемиясы мурункудай эле негизинен инъекциялык баңги заттарды колдонуучу группаларда топтолгон.

ВИЧ-инфекция бардык жерде жайылган жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө расмий түрдө катталган. Ошол эле убакта, ал ар кандай географиялык аймактарда, ар кандай жаш, социалдык жана башка топтордо  өтө эле текши эмес бөлүштүрүлгөн.

Азыркы убакта ВИЧ-инфекцияга чалдыгуу дүйнөдө пандемия мүнөзүнө ээ болду. ВИЧке чалдыккандардын көбү Африка өлкөлөрүндө Сахарадан түштүгүрөөк  жашашат, аларга ВИЧ-инфекция менен жашагандардын 70%ы туура келет.