ЖУКТУРУУ ЖОЛДОРУ

ВИЧ-инфекция — антропоноз (кишиге гана жугуучу тумоо). Айбанаттар табигый шарттарда ВИЧ-1 ге чалдыкпайт, ал эми маймылдарды  эксперименталдык жуктуруу аракеттер алардын бат сакайып кетүүшүсү менен аяктаган.

ВИЧ-инфекциянын булагы – оорунун ар кандай баскычындагы, ошонун ичинде инкубация убагындагы чалдыккан адам.

Инкубациялык убакыттын аягындагы, биринчи көрүнүштөрдүн пайда болуш маалында жана вирустун топтолушу өзүнүн максимумуна жеткендеги инфекциянын акыркы баскычындагы  адамдан ВИЧти жуктуруп алуу эң чоң мүмкүнчүлүгү болот.

ВИЧ-инфекция узакка созулган ооруларга карайт. Жугушкандан кийин көз жумган маалга чейин жогорку активдүү ретровируска каршы терапиясыз 2-3 жылдан 10-15 жылга чейин өтүшү мүмкүн. Албетте, бул отрочолонгон көрсөткүчтөр.

Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу бардык биологиялык суюктуктарда (кан, бел суу, жыныс кын, эне сүтү, шилекей, жаш, тер ж.б.)  болушу мүмкүн, трансплацентардык тоскоолду жеңип чыгат. Бирок биологиялык суюктуктардагы вирустук бөлукчөлөрдүн өлчөмү ар кандай болгондугу , алардын эпидемиологиялык маанисинин ар кандай болушун аныктайт. Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу СD4+рецептору бар бардык клеткаларга зыян келтирет. СD4+Т –лимфоциттерге тропизм иммуножетишиздиктин өнүгүшүү эсебинен ВИЧ-инфекциясынын илгерилөөсүнө алып келет. Жугушкан адамдын организминде ВИЧ ар кандай чөйрөдө жана ткандарда жайгашкан. Мисалы, лимфоиддик ткань мээде жана ички органдарда.

ВИЧ камтыган жана ВИЧ-инфекция жайылтуудагы эң көп эпидемиологиялык маанидеги адамдын биологиялык субстраттары:

  • кан
  • бел суу жана алгач эрендик
  • вагиналдык жана цервикалдык секрет
  • эне сүтү

Вирус башка субстраттарда да болушу мүмкүн (бирок алардын топтолушу ал жерде аз жана субстрат жеткистик, мисалы ликвор сыяктуу):

  • жүлүн-мээ суюктугу (ликвор)
  • заара
  • шилекей
  • жаш суюктугу
  • тер бездеринин секреттери

Биологиялык суюктуктагы ВИЧтин ар кандай өлчөмү алардын дүүлүктүрүүчүнүн жугуу жолдорун ишке ашыруу факторлору катары эпидемиологиялык маанисин аныктайт.

ВИЧке кабылдагычтык адамдарда жалпы жана гено-, индивидуумдардын фенотиптик полиморфизми менен аныкталат да, кандайча ВИЧ жугушуусуна толук  (же толук эмес) мүмкүнчүлүгү чектелсе, ошончо инфекциянын симптомдорунун клиникалык өнүгүшүүсүнүн темпинин төмөндөсүүсү аркылуу билинет.

ВИЧ-инфекция тууралуу глобалдык кырдаалдын эпидемиологиялык анализ жүрүшүндө ВИЧ-инфекциянын жугуш жана күчөө динамикасында белгиленген раса ортолук өзгөчөлүктөр бар экени тастыкталды, мында үстөмдүк роль гисто дал келүүчүнүн башкы комплексинин антигенге таандык. Көрсө, ВИЧке өзгөчө кабылдоочулук (сезгич) негроид расанын өкүлдүрүндө, азыраак – европеецтерде жана эң аз –монголоиддерде экен.

Азыркы убакытта молекулалардын синтезин көзөмөлдөөчү жана кожоюндун клеткаларына ВИЧтин киришине катышкан үч ген (CCR5, CCR2 и SDF1) баяндалган, б.а. бул ген боюнча гомозиготтук формасы менен адамдар жыныстык жол менен ВИЧке жугууга туруктуу, ал эми гетерогиттик менен – туруктуулугу бир топ азыраак. Бирок бул белги кан куюуда жана психоактивдүү заттарды парентаралдуу кабыл алууда ВИЧке кабылдагычтык менен жалпыланбайт.

ВИЧти жуктурууда жалаң гана инфекциянын булагы жана кабылдагыч субъект  гана эмес, жугууну камсыз кылган тийиштүү шарттардын пайда болушу зарыл. Бир четинен, жугушкан организмден ВИЧтин чыгышы табигый кырдаалдарда чектелген жолдор менен: бел суу, жыныс жолдорунан чыккандар, эне сүтү менен, ал эми патологиялык шарттарда - кан жана ар кандай экссудалар аркылуу ишке ашат. Башка жактан, кийинки инфекциондук процесстин өнүгүүсү менен ВИЧке жугуу үчүн козгогучтардын организмдин ички чөйрөсүнө кирүүсү зарыл.

ВИЧке жугуу төмөнкү: табигый – контакттуу, тике жана жасалма (артифициалдык) механизмдер аркылуу ишке ашат. Козгогучтарды жугушуу механизмдердин ишке ашыруу жолдору ар кандай: жыныстык, трансплацентардык, паерентералдык (инъекциялык, транфузиялык, трансплантациялык). Козгогучтарды жугушуунун үстөмдүк механизми жыныс жолдору менен ишке ашуучу контакттуу болуп эсептелинет. Жыныстык жол аркылуу жугуу жолунун негизги ролу жуккан адамдын бел суусундагы жана вагиналдык секретиндеги вирустардын жогорку топтолушу менен шартталган.

Вирусту жыныстык жол менен жугуунун үлүшүнө бардык жугуу учурлардын 86%ы  тийиштүү, алардын ичинен 71% - гетеросексуалдык жана 15% - гомосексуалдык катнаштардан. ВИЧти эркек-эркекке, эркек-аялга жана аял – эркекке багытында жугуу аныктыгы жалпы кабыл алынган. Ошол эле убакта жугушкан эркектердин жана аялдардын ара катышы  айырмаланат. Эпидемиянын башында бул ара катыш 5:1 болсо, кийин 3:1 болду.

ВИЧти жугуунун тике механизми ооруган кош бойлууларда ишке ашат (антенаталдык жол). Балага жугуу төрөт маалында да (интранаталдык жол), андан кийин постнаталдуу, эмчек эмүү малында жүрүлүшү мүмкүн.

Жаңы төрөлгөндөрдүн негизги жугуу жолу – перинаталдык. Перинаталдык убактын ар кандай мөөнөтүндөгү ВИЧке жугушуунун салыштырма салмагы так аныктала элек, бирок кош бойлуулуктун баштапкы мөөнөтүндөгү курсак ичинде жугушу ВИЧтин перинаталдык жугууну алдын алуусу жок учурунда 30-50% болууда.

Эмизүүдө баланы жуктуруу мүмкүнчүлүгү 12-20%га жакын түзөт. Ошондой болсо да Элиста шаарындагы оорукана ичиндеги эпидемиологиялык териштирүүдө сүрөттөлгөндөй,  жалаң гана бейтап энеден балага гана эмес, эгерде дени соо аял төрөгөн бала ВИЧке кабылса бейтап баладан эмизип жаткан аялга да вирус жугушу мүмкүн.

Иммуножетишсиздик вирусу жугушкан ынак канды жана андан даярдалган продуктту (эритроцитардык масса, тромбоцит, жаңы жана тоңдурулган плазма) куюштурганда жугат. ВИЧ-серопозитивдик донорлордун канын куюштурганда реципиенттер 90% учурда жугушушат. Кадимкидей адамдын иммуноглобини, альбумини коркунуч туудурбайт, себеби бул дары-дармектерди алуу технологиясы жана сырье көзөмөлдөө этаптары ВИЧ жугушууну чекке кагат.

Салыштырмалуу өтө сейрек , бирок болушу мүмкүн болуучу органдарды, ткандары которуу жана аялдарды жасалма уруктандыруу варианты.

ВИЧке аба-тамчылар, азык-түлүк, суу, трансмиссивдик жолдор менен жугуу далилденген эмес.

"Жалган” (арифициалдык) механизм тер катмарлардын жана былжыр челдердин бүтүндүгүнүн бузулушу менен коштолгон медициналык манипуляцияларда иштейт, б.а. оорукана ичиндеги ВИЧке жугуу ишке ашат. Аталган механизм козгоочуларды өткөрүүнүн аркандай жолдоруна жана факторлоруна ээ, бирок ВИЧ-инфекцияда ВИЧтин жайылуу бул механизмдин ролу эң эле аз.

ВИЧ-инфекциянын жайылуу артифициалдык механизминин ишке ашуу мисалы катары Элиста, Ростов-на-Дону, Волгоград шаарларындагы оорукана ичиндеги балдарды жугуштуруу болуп эсептелинет.

Азыркы убакытта ВИЧ-инфекциянын бул жайылыш жолу кан препараттарга жана медициналык инструментарийлерди стерилизация алдындагы тазалоо жана стерилизацияны сактоо менен, мисалы бир жолу колдонуучу медициналык аспаптарды (мисалы, шприцтер) колдонуу менен бардык инвазивдик дарт аныктоо кийлигишүүлөргө катуу көзөмөл киргизилгендиктен ишке ашпайт.

Бирок, парентералдык ("шприцтик”) ВИЧ жугушу психоактивдүү заттарды кан тамыр ичине колдонгон баңгилердин арасында абдан кеңири жайылган.

ВИЧ менен жугуу тобокелдин деңгээли калктын ар кайсы топторунда бирдей эмес, демек жугушуунун жогорку тобокелге ээ контингентти бөлүп көрсөтсө болот: гомо-, бисексуалдар, "инъекциялык баңгилер”, кан жана анын продуктусунун реципиенттери, сойкулар, селсаяктар, эркин сүйүүнү жактоочулар, мейманканалардын, эл аралык аба жол унаалардын  персоналы, аскер кызматкерлери, моряктар, иммигранттар, качкындар, сезон жумушчулары, саякатчылар.

Бул факторлордун ролу жана мааниси бир  маанилүү эмес, көбүнчө алардын бирдиктешкен аракети белгиленет, аймакта азыркы учурда аракет кылуучу тобокел факторлордун бирдиктүү комплексинен жетектөөчүсүн бөлүп табуу мүмкүн эмес.