Маалымат графика: 20 жыл ичиндеги Кыргызстандагы ВИЧ-инфекция

Kloop.kg жана Teens.kg ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө, 1996-жылдан 2017-жылдардын ичинде Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясынын таралышы тууралуу, кең маалыматграфика даярдашкан. Материалда аймактар, жашы, жыныс катышы жана дарылоону алып жаткандардын саны боюнча статистика колдонгон.

Материал ЮНЕСКО жана ЮНЭЙДС агенствосунун колодоосуну менен, Teens.kg порталынын кызматташтыгы менен даярдалган.

Маалыматграфика ВИЧ/СПИД боюнча БУУнун Бириккен программасы (ЮНЭЙДС) көрсөткөн, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык "СПИД” борборунун маалыматтарынын негизинде даярдалган.

Материалда колдонулган аббревиатуралар:

ВИЧ (АИВ) - адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу;

ЛЖВ (ВЧА)– ВИЧке чалдыккан адамдар;

АРТ (РКТ)– ретровируска каршы терапия;

ЖАМК – жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (Кыргызстандагы колонияларды  жана тергөө изоляторлорду башкаруу мекемеси);

ГФСТМ – ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Глобалдык Фонд;

СПИД (КИЖС) - кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому;

ЛУИН (ИБЗК) – Инъекция аркылуу баңги заттарды колдонуучулар;

ДССУ - Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму;

ЮНЭЙДС - ВИЧ/СПИД боюнча БУУнун Бириккен программасы;

 

ВИЧ/СПИД деген эмне?

ВИЧ-инфекция – адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) козгоочу, күчөөчү жугуштуу дарт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзүнүн сайтында, вирус иммундук системаны жабырлоо менен адамдардын инфекциялардан жана "рактын кээ бир түрлөрүнөн” сактоо системасын начарлатат деп жазат. Иммундук система СD4 клеткаларынын саны менен өлчөнөт. Адамдын организминде вирус акырындан өнүгө баштаганда, СD4 клеткаларынын саны кемий баштайт.

СПИД - кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому – ВИЧтин эң акыркы стадиясындагы оор абал. СПИД адамдын организминде 2-15 жылдын ичинде өнүгүшү мүмкүн.

"Адамдын иммунитетин бир топ төмөндөшү жана СПИД-ассоцияланган аталуучу бир же бир нече оор оорулардын болушу байкалат. СПИД-ассоцияланган оорулар ВИЧти жуктуруп алган бейтаптардын  көз жумушунун негизги себеби. СПИДден кутулса болот!” – деп   «СПИД.Центрдин» орус  порталында айтылат.

ВИЧтин белгилүү "коркунуч тобу” жок – бул "СПИД.Центр” порталы боюнча, "ар кайсы шарттарда ар бир адам колдонуучу тобокел жүрүш-туруштун” кесепетинен жайылуучу оору.

Кыргызстандагы ВИЧ-инфекция

ЮНЭЙДСтин статистикасы боюнча 1996-жылдан 2017-жылдын ноябрына чейинки убакытта Кыргызстанда 7804 ВИЧ-инфекциясын жуктурган адам, анын ичинде 400 - чет элдик адам катталган.

1996-жылдан бери ВИЧтен 1695 адам көз жумган, алардын кээ бири ретровируска каршы терапия алышкан.

СПИДдин стадиясында, акыркы маалымат боюнча, 529 адам бар.

Башкача айтканда, ВИЧ менен жашап жаткан Кыргызстандын жалпы жарандарынын саны – 5710 адам.


Аймактар боюнча

Кыргызстанда эң көп ВИЧ-инфекциясын жуктурган адамдар Чүй облусунда жашайт (2266), кааталгандардын санынан эки эсеге жакын аз учур Ош облусунда (1351), ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду өлкөнүн эң кең шаарлары ээлейт –Бишкек (1160) жана Ош (1044).

Жашы боюнча

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин жана "СПИД” РБнын маалыматы боюнча, эң көп ВИЧ-инфекция катталуусу – бул 30 жаштан 34 жашка чейинки адамдар, бирок "25-29 жаш”, "35-39 жаш”жана "40-49 жаш” жаш топторунда да ВИЧ-инфекциясына чалдыккан 1000ден  ашык адам катталган.

Жынысы боюнча

ВИЧ-инфекциясы менен эркектер (4812 адам), аялдардан (2584 адам) эки эсе көп.

Эркектер

Аялдар

Кыргызстанда ВИЧке кантип чалдыгышат?

"ВИЧке чалдыгуунун эң кең жайылган жолу – парентералдуу – баңги затты инъекция аркылуу (шприц менен кан аркылуу) кабыл алуу. 21 жылдын ичинде ушул жол менен жуккан 3406 учур катталган.

Экинчи эң кең жайылган жол –3002 учурда көрсөтүлгөн  ВИЧке чалдыгуу гетеросексуалдык жыныстык катнаш.

Медициналык манипуляциянын кесепетинен, башкача айтканда аталган процедуралар: коопсуздуу эмес инъекциялар, кан куюштуруу, тери көчүрүү, стерилдүү эмес тилүү жана тешүүнү камтыган медициналык эмдөөлөраркылуу инфекцияга чалдыккан адамдардын саны сегиз эсеге жакын аз.

Ретровируска каршы терапия дайындалган адамдардын саны

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ВИЧ-инфекциядан даары жок.

"Бирок ретровируска каршы терапия боюнча буйрууну туура жана үзгүлтүксүз сактоо организмде ВИЧтин кучөшүн биротоло токтогоңго чейин акырындатууга болот. Көптөн көп ВИЧ менен жашаган адамдар, кирешеси төмөн өлкөлөрдө да, көп убакытка чейин жакшы абалды жана өндүрүмдүүлүктү сактап жүрүүгө жөндөмдүү”, - деп ДССУнун расмий сайтында айтылат.

ВИЧ-инфекцияны дарылоо жана алдына алууда ретровируска каршы терапия (РКТ) жалгыз жана эффективдүү метод – алар инфекция менен күрөшүп, вирустун өнүгүшүн токтотушат же кармашат жана организмде анын санын кемитишет.

2016-жылдын ортосунда дүйнөдө 18,2 миллион адам РКТ өткөн – бул ВИЧ пациенттердин жалпы санынын 46 пайызы деп, ДССУ билдирет.

2017-жылдын июнуна дүйнөдө 20,9 миллион адам РКТ өткөн деп, ЮНЭЙДС билдирди.

Кыргызстанда мисалдар ошого жакын – 53,64 пайыз ВИЧ жугушкандар ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча глобалдык фонддун эсебинен РКТга буйруу алышкан.

Терапияны 4184 адамдан 3024 алып жатышат, аны дайындалгандардан – 750 адам вирустан көз жумган, дагы 410 адам РКТдан баш тарткан.

Терапияны өтүп жактандардан: 2589 ВИЧ/СПИДге чалдыккан – чоңдор, 435 – балдар жана 222 – ЖАМКнын көзөмөлүндөгү мекемедеги камактагы адамдар.