Безгек жөнүндө маалымат

 

Безгек (малярия, италия тилинен которгондо – жаман аба) адамзатка байыркы замандан бери (б.д.чейин 2000 жыл мурун) белгилүү:  жүрүшү безгекке окшош эпидемиялык калтыратма жөнүндө байыркы адабий булактарда табылган. Плазмодиялар – безгектин козгогучтары 1880-жылы француз дарыгери Лаверан тарабынан бөлүнөп көрсөтүлгөн, ал эми безгекти хин багынын  кабыгы менен  спецификалык дарылоону Перуда 17 - кылымда колдоно башташкан. Оорунун табиятынын, клиникалык көрүнүшүнүн  жакшы изилдөөсүнө,  дарылоонун спецификалык препараттарынын бардыгына карабастан – безгек азыркыга чейин тропикалык жана субтропикалык климаты менен дүйнөнүн көп (Африка, Түндүк-Чыгыш Азия, Түндүк Америка) өлкөлөрүндө жайылган жана бир топ оор инфекция болуп саналат.

Өзгөчө оор өлүмгө алып бара тургандыгы абдан жогору болуучу безгек кош бойлуу аялдарда болот. Балдар да инфекцияны чоң кишилерге караганда оор көтөрүшөт, өзгөчө 1 жашка чейин маалында. Оор эндемикалык очоктордо балдардын өлүмдүүлүгү жогору, ал жерде безгектен 5% бала көз жумат. Ошондуктан 1955-жылы эле ДССУ бүт дүйнөдө безекти жок кылуу жөнүндө резолюция кабыл алган.

Жугушуу кандайча болот? Инфекциянын булагы болуп бейтап адам же митеташуучулар болуп саналат, ал эми таратуучулар - анофелес тукумундагы чиркейлер: жугушуу жуктуруп алган ургаачы чиркейдин чагышы аркылуу пайда болот. Ошондой эле эненин курсагындагы кезинде да түйүлдүк аркылуу, төрөт маалында, митеташуучу донордон кан куюлганда же органдарды жамаштырууда  жугушуу болуу мүмкүн.

Безгек кандайча өтөт? Адамдын безгегин козгоочуларынын түрлүк өзгөчөлүктөрүн жана тиешелүү клиникалык көрүнүштөрдү эске алып безгектин 4 формасы бөлүп көрсөтүлөт: үч күндүк, тропикалык, төрт күндүк жана овале-безгек. Формасына көз карандысыз безгекке калтыратма мүнөздүү, баш оору, суусоо, кузуу, булчуңдардын оорусу, жөөлүү жана ой жоготуу фонунда температура 39-40 жана андан өйдө градуска  жетет.

Безгек учурунда эң көп байколуучу өзгөрүүлөр кан (эритроциттердин бузулушунун натыйжасындагы гемолитикалык аз кандуулук),  боор, көк боор, борбордук нерв система жагынан белгиленет.

Безгектен кантип сактануу болот? Безгекти алдын алуунун коомдук жана жекесин бөлүп көрсөтүшөт. Коомдук алдын алуу, эң биринчиден бейтаптарды менен митеташуучуларды табууну жана дарылоону ичине камтыйт. Аны менен бир мезгилде таратуучулар – анофелес тукумундагы чиркейлер менен күрөшүү жана алардын чабуулунан коргоо жүргүзүү керек. Жеке безгекти алдын алуу чиркейлердин чагышынан сактануу (чиркей өтпөөчү тор, реппеленттерди ж.б. колдонуу) жана химиялык алдын алуу – плазмоциддик препараттарды колдонуу менен чектелет.

Безгек оорусу жайылган өлкөлөргө барууга камданган адамдар алдын ала жеке алдын алуу тууралуу тынчсыздануу керек.

Ден соолукта болуңуздар!