Кургак учук жөнүндө маалымат

Кургак учук (чахотка) – бул кургак учуктун, аларды көбүнчө Коха таякчалары  деп аталуучу, микобактериясы аркылуу келип чыгуучу жугуштуу оору. Оору адамдын организминде  ушул микробдорунун көбөйүүсүнө жооп катары гана өнүгөт.

Кургак учукка кантип чалдыкса болот?

Кургак учуктун негизги булагы болуп, өпкөнүн кургак учугу менен ооруган адам болот. Дем жолдорунан, өзгөчө жөтөлгөндө, кургак учуктун микобактериясын камтыган какырык чыгат. Какырыктын майда тамчылары жанындагы дени соо адамдын дем жолдоруна түшүшү мүмкүн. Какырык жер төшөмдүн же жердин, заттардын жана киймдердин үстунө конушу мүмкүн. Инфекция адамдын организмине гигиена эрежелерин сактабоо кесепетинен түшүшү  мүмкүн - мисалы, коомдук унаалардын туткасы менен болгон катнашуудан кийин кол жуулбаса же жуулбаган жер-жемиштер, начар тазаланган эт жана кайнатылбаган сүт менен тамактанса.

Кургак учук таякчалар менен дем алганда эмне болот?

Көп учурларда, эгерде адамдын иммундук системасы нормада болсо, кургак учук таякчалар менен дем алуу оорунун активдүү баскычына алып келбейт. Дем жолдоруна түшкөн микобактерияларга оору жаратуучу микроорганизмдин көп бөлүгүн жоготуучу жана өлтүрүүчү коргоочу клеткалардын бүтүндөй аскери бет алат. Бирок кээ бир микобактериялар аман калып жана көп убакытка чейин активдүү эмес бойдон калышы мүмкүн. Демек, оору жаратуучу организдин организмге "кол салуусу” натыйжасы жок калат. Бирок айлар жана жылдар дагы өткөн сайын, кандайдыр бир оорунун, жетишсиздик тамактануу же стресстин натыйжасында иммунитеттин алсызданышында, кургак учуктун бактериялары өзүнүн массасы менен кожоюн-клеткаларды жокко чыгаруу менен активдүү кургак учуктун өнүгүүсүнө жол салып,  көбөйө башташат. Кээ бир учурларда  инфекциянын организмге алгач түшкөн учурларында эле бактериялар, өпкө ткандарын оор зыянга учуратып, көбөйүшү мүмкүн. Бул өпкө кургак учугунун, инфекциянын кийинки жайылуунун булагы болуучу, активдүү учурлары.

Көпчүлүк учурларда оору жаратуучу бактериялар, өпкөгө түшүп, лимфа тамыры же кан агышы аркылуу бөйрөккө, сөөк жана муундарга, мээге ж.б. дене мүчүлүрүнө жылып кетиши мүмкүн. Организмдин жакшы коргоо күчтүүлүгүндө микобактериялар көп убакытка чейин активдүү эмес абалда кала берет, бирок организмдин начарлашында бул дененин  мүчөлөрүндө кургак учук өнүгүшү мүмкүн.

Сиздин организмдин коргоо күчүн эмне төмөндөтө алат?

Эгерде дем жолдоруна абдан көп кургак учук микобактерия таякчаларынын саны кирсе, организм мындай кысымга туруштук бербей калышы мүмкүн. Эгерде сиз көп убакытта кургак учукка чалдыккан менен катышсаңыз, сиздин организм туруктуу чабуулга дуушар келет да, ал инфекцияга натыйжалуу туруштук бере албай калуучу мезгил келет.Организмде микобактериялардын өнүгүүшүнө жардам берүүчү башка факторлор да белгилүү:

  • стресс - жан жана физикалык чыңалуунун күчөшү;
  • алкоголду ченемсиз кабыл алуу;
  • чылым чегүү;
  • аз же толук эмес азыктануу;
  • организмди алсыздандыруучу башка оорулар.

Балдар, өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар жана улгайып калган адамдар инфекцияга көбүрөөк туруксуз.

Оорудан кантип сактануу болот?

Кургак учукка чалдыкпаш үчүн ден соолукка пайдалуу жашоо мүнөз алып жүрүү керек. Чың ден соолук үчүн соо нерв системасы керек, ошондуктан стресстен качуу зарыл. Тамак толук болуп, сөзсүз жетишерлик сандагы белокторду камтыш керек. Ден соолукту сактоо үчүн зарыл шарт катары күнүмдүк ченемдүү физикалык күч келтирүү болуу керек. Чаң, шамалдаттырылбаган орун жайлар кургак учук бактериялардын жайылышына ылайыктуу шарт түзөт. Оорунун алдын алыш үчүн орун жайларды шамалдатып туруш керек.

Текшерүүнү кайдан өтсө болот?

Көкүрөктүн флюрографиялык текшерүүсүн жашаган жердеги бейтапканадан жасаса болот.  Кургак учукка шектенүү болсо участоктук дарыгер же адис - дарыгер клиникалык кайра текшерүүдөн кийин кургак учукка каршы диспансерге же кургак учук кабинетке фтизиатрга консультацияга жиберет.

Ким кургак учукка тез-тез көрүнүп туруш керек?

Кургак учукка ар кандай себептер боюнча тез-тезден текшерилип турууга милдеттүү жарандардын жана кесиптердин бир нече аярлуу топтору бар.

Бир жылда эки жолу текшерүүдөн төмөнкүлөр өтүү керек:

  • аскер кызматкерлери, аскер кызматына чакыруу менен өтүп жаткандар;
  • төрөт үйүнүн (бөлүмүнүн) жумушчулары;
  • тиричиликте жана кесип боюнча кургак учук инфекциясынын булактары менен тыгыз байланышта болгон адамдар;
  • кургак учук  мекеменин же бөлүмдүн диспансердик каттоосунан айыгууга байланыштуу алынгандар каттоодон чыккандан кийин  биринчи 3 жыл бою;
  • кургак учукка чалдыккандар жана өз алдынча айыгып кеткендер, бирок өпкөдө калдык өзгөрүүлөрү барлар калдык өзгөрүүлөрдү тапкан мезгилден баштап биринчи 3 жылы;
  • ВИЧти жуктуруп алгандар;
  • наркологиялык жана психиатриялык мекемелерде диспансердик каттодо тургандар;
  • тергөө изоляторлордон жана түзөтүү мекемелерден бошогондор, бошогондон кийин биринчи эки жыл бою;
  • тергөө абагындагы иш тергөөчөгүлөр, жана түзөтүү мекемедеги соттолгон адамдар.

Кургак учукка бир жылда сөзсүз текшерүүнү төмөнкүлөр өтүү керек:

  • дем алуу органдарынын, ичеги-карын тракттын, сийдик-жыныс системанын өнөкөт спецификалык эмес дартына, кант диабетине чалдыккандар;
  • кортикостероиддик, нурдуу жана цитостатикалык терапияны алып жаткандар;
  • кургак учукка чалдыгуунун жогорку тобокел социалдык топторго тийиштүү адамдар: белгилүү жашаган жери жоктор, мигранттар, качкындар, стационардык социалдык тейлөө мекемелерде жана социалдык жардам мекемелерде жашап жаткан белгилүү жашаган жери жана жумушу жок аргасыз жер которгондор;
  • балдар жана өспүрүмдөр үчүн: социалдык тейлөө, дарылоо-алдын алуу, санатордук-курорттук, билим берүү, ден соолукту жакшыртуучу жана спорт мекемелердин жумушчулары.

Мындан башка, индивидуалдуу (кезексиз)  түрдө төмөнкүлөр текшерилет:

  • кургак учукка чалдыгууга шектенүү менен медицианалык жардамга кайрылгандар;
  • кош бойлуу аялдар жана жаңы төрөлгөн балдар менен бирге жашап тургандар;
  • аскердик кызматка чакырылгандар жана контракт менен аскердик кызматка кирүүчүлөр;
  • "ВИЧ-инфекция” диагнозу биринчи жолу коюлгандар.

Баланы кургак учук оорусунан кантип сактап калса болот?

Баланын кургак учук оорусуна чагылуу тобокелин төмөндөтүү милдеттүү түрдө жана акысыз төрөт үйүндө жашоонун 3-күнүнөн баштап (медициналык каршы көрсөтмөнүн жогу учурунда) БЦЖ менен эмдөө аркылуу жүргүзсө болот. Төрөт үйүндө эмдөөдөн өтпөгөн  балдар жаңы төрөлгөндөрдүн патология бөлүмдөрүндө жана балдар бейтапкана шарттарында эмделишет, анын алдында эки айдан улуу жашында БЦЖга эмдөөдөн мурда Манту 2 ТЕ сынамын коюп, эмдөө сынамдын терс учурунда жасалат.

Кийинки жолу эмдөөлөр – БЦЖнын ревакцинациясы – 7 жашта жана 14 жашта өткөрүлөт. Эгерде балада же өспүрүмдө медициналык бошотуу болсо же Манту 2 ТЕ шектүү болсо          (бул дагы эмдөөнү өткөрүүгө каршы көрсөтмө болуп саналат), кургак учукка каршы ревакцинация көрсөтүлгөн жашка жеткенден кийин бир жылдын ичинде өткөрүлөт. БЦЖнын ревакцинациясы кургак учуктун микобактериясы (КУМ) менен жугушпаган кургак учукка терс балдарга жана өспүрүмдөргө жасалат.

Эгерде балада же өспүрүмдө эмдөөдөн кийин белги (берч) пайда болбосо же анын көлөмү 2 мм.ден кем болсо, Манту 2 ТЕ терс сынамында эмдөөдөн кийинки 2 жылда жана ревакцинациядан 1 жылдан кийин кургак учукка каршы кайтадан эмдөө өткөрүлөт.

Кургак учукка жугууну өз убагында табуу үчүн РФнын бардык балдарына жыл сайын Мантунун туберкулиндик сынамы жүргүзүлөт.

Көп ооруган балдар же өнөкөт сыркоолору бар балдар, кургак учук боюнча тобокел тобун түзүшөт. Бул балдардын категориясына өзгөчө көңүл бурулат, участкадагы дарыгер, адис дарыгер, балдар мекемесинин медициналык кызматкерлери аныктаган  кошумча дарылоо-алдын алуу иш аракеттери өткөрүлөт. Медициналык көрсөтмөлөрдүн бар болушунда бала жашаган жери боюнча фтизиатрга консультацияга жиберилет. Баланы сыркоодон сактоо үчүн, чоң кишилер өздөрү ДЕНИ САК экенине ишениш керек, жана өз убагында медициналык кароодон өтүү зарыл.

Менде сыркоо бар экенин кантип аныкташым керек?

  • Кургак учукка мүнөздүү негизги симптомдор:
  • 2-3 жана андан ашык жумадагы жөтөлүү;
  • төштүн оорусу;
  • салмак жоготуу;
  • какырыкта кандын болушу;
  • түн ичинде тердөө;
  • мезгил-мезгили менен температуранын жогорулашы;
  • жалпы алсыздык жана күчсүздүк;
  • периферикалык лимфа түйүндүрүнүн чоңоюшу.

Эгерде Сиз өзүңөрдө ушул симптомдорду байкасаңыздар, токтоосуз дарыгерге кайрылыңыз!

Мен айланадагыларга жуктуруп аламбы?

Бейтап адам, интенсивдүү дарылоону баштамайынча, инфекциянын булагы болот. Бирок дарылоо башталар менен, айланадагыларды жугуштуруу коркунучу бат төмөндөйт. Муну кургак учуктун таякчаларына какырыктын анализи ырастап бере алат. Эгерде аларды микроскоп аркылуу изилдөөдө табууга мүмкүн болбосо, сиздин ооруңуз учурунда туугандарды жана жакындарды жугуу тобокели аз. Бирок сиз кургак учукка каршы таблеткаларды кабыл ала баштасаңыз, дарылоонун толук курсун аяктоо абдан зарыл, б.а. өзүңүздү жакшы сезип калганда да, жазылган дарылардын бардыгын үзгүлтүксүз кабыл алуу керек.

Башка оорулардан айырмаланып кургак учукту дарылоо бир нече атайын антибиотиктерди узак убакыттын ичинде кабыл алууну талап кылат. Мунун  себеби-өзүнүн активдүүлүгү бонча үч ар кандай кургак учук бактерия тобунун бар болушу:

1)    Ачык көңдөйлөрдө активдүү көбөйүүчү бактериялар. Алар какырык аркылуу, бейтапты айланадагылар үчүн инфекциянын булагы кылып, чыгышат.

2)    Ачык көңдөйлөрдү курчаган организмдин коргоочу клеткаларында жай көбөйүүчү бактериялар.

3)    Убакыттын көп бөлүгүндө "үргүлөшкөн”, бирок ылайыкутуу дарылоонун жогунда активдешип жана организмге чоң зыян келтирүүгө мүмкүн болуучу коюу очоктогу бактериялар.

 

Ошондуктан эгер сиз терапия башталгандан кийин жеңилдикти сезсеңиз дагы жана көп убакытта сизди эч нерсеңиз оорубаса да, "үргүлөп” жаткан бактерияларды да өлтүрүш үчүн, дарылоонун толук курсун бүтүрүү зарыл, антпесе оору күттүрбөстөн кайра кайталанат.  Ошондой эле таблеткаларды кабыл алууну калтырбоо жана дарылоону үзбөө абдан зарыл. Эгерде дарылоо курсу аягына чыкпаса же үзүлсө, бактериянын бөлүгү гана жок болот да, ал эми калгандары препараттарга турукттулукту иштетип алышат жана көнүккөн дарылар үчүн теше албоочу соотко кийинишет. Сыркоо айыкпайт, жөн эле андан да, сиз үчүн кандай болсо, сизди курчаган адамдар үчүн коркунучтуу, дары-дармектин таасирине туруктуу формасына өтүп кетет.   

Эгерди сиз таблетканы кабыл алууну унутуп калсаңыз, батыраак дарылоочу дарыгерге ал жөнүндө билдириңиз, ал кантип жагымсыз натыйжадан кутулуу боюнча кеңеш берет.

Ошондой эле дарыгерге дары-дармекти кабыл алуудагы исиркек, сары оору, көздүн начарлашы жана кулактын начар угушу, ичеги-карын бузулуулар, колдун жана буттун манжалардын учтарынын  сайгылашуусу сыяктуу  бардык кыйыр таасирлер жөнүндө билдирүү зарыл. Дарыгер сизге керектүү кеңеш берет. Инфекцияны жеңүүдө ден соолуктун жалпы абалы абдан зарыл, ошондуктан алкоголдон жана чылым чегүүдөн алыс болуңуз (же жок дегенде аларды кабыл алууну азайтыңыз).

Көбүрөөк эс алууга, туура жана толук тамактанууга аракет  кылыңыз, таза аба менен дем алыңыз. Жер төшөмгө жана жолго түкүрбөңүз, ал үчүн жеке түкүргүч колдонуңуз. Сиз жашаган жайыңызды убакыт сайын шамалдатып туруңуз. Жөтөлгөндө оозуңузду жүз аарчы менен жабыңыз.

Туугандарга жана жакындарга комкор болуңуз. Эгерде бирөөдө кургак учуктун симптомдорун байкасаңыз, күттүрбөстөн дарыгерге кайрылууга кеңеш бериңиз.

 

Кургак учукту айыктыруу мүмкүнбү?

 

Азыркы убакытта кургак учукка каршы, аларды кабыл алуу менен сыркоону толук айыктырууга мүмкүнчүлүк берүүчү,  көп препараттар бар. Кургак учукту айыктыруунун башкы шарты болуп өз убагында алдын ала текшерүү аркылуу табуу жана бейтаптардын фтизиатр дарыгердин атайын медициналык жардамына кайрылуусу болуп саналат. Кургак учукка чалдыккан өз убагында дарыгер жазып берген дарылоону толук көлөмдө алыш керек. Дарылоонун үзүлүшү дарылоодо бир топ кыйынчылыктарды туудурган кургак учуктун дары-дармекке туруктуу формасынын өнүгүшүнө алып келет.

 

Кургак учукка чалдыккан канчалык көпкө чейин дарыланыш керек?

 

Бейтап толук бойдон 6-8 айдан кем эмес дарылоону өтүш керек: 2-3 айдын ичинде кургак учук стационарында, андан кийин кургак учук кабинетте күндүзгү стационар шартында жана кийин амбулаторияда. Кургак учукка каршы препараттар обдан кымбат, бирок бейтапка алар акысыз берилет. Эгерде бейтап дарылоону мөөнөттөн мурда токтотсо же ага жазылган препараттардын бардыгын кабыл албаса, дары-дармектик туруктуулукка алып келет да, кийин дары-дармектик туруктуу кургак учуктун микобактериялары менен үй-бүлө  мүчөлөрү жана айланадагылар жугушушу мүмкүн.

Бир препаратка туруктуулукту башка кургак учукка каршы препараттар менен айыктырса болот. Ал эми бир нече негизги кургак учукка каршы препараттарга  резистенттүүлүк пайда болсо, бул бейтап үчүн да, коом үчүн да коркунуч туудурат.

 

Коха таякчаларынын көпчүлүк туруктуулугу бар бейтапты дарылоо татаал жана өзгөчө кымбат (дарылоо курсу кадимки дарылоо курсунан 100-150 эсе кымбат турат), дарылоонун мөөнөтү бир нече жылга узарат жана дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт: жалаң гана өпкөнү эмес (операциялык кийлигишүүдөн кийин), өмүрдү да жоготуу мүмкүн. Ошондуктан эң маанилүү – бейтап тарабынан дарылоонун көрсөтүлгөн мөөнөттөрүн жана дарылоо методдорун тутуу жана фтизиатр жазып берген бардык препараттарды кабыл алуу.

 

Эгерде үй-бүлөдө кургак учукка чалдыккан бейтап бар болсо, эмне кылыш керек?

Эгерде үй-бүлөдө кургак учукка чалдыккан бейтап бар болсо, алгач ал өзү анын маданиятынан жана тартиптүүлүгүнөн абдан көп нерсе көз каранды экенин түшүнүш керек. Албетте, бейтап жеке гигиенанын эрежелерин аткарыш керек. Бирок бардык кургак учук очогунда жашап жаткан  үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн жана жакындарынын гигиена маселесиндеги сабаттуулугу аз мааниде эмес.

 

Бейтаптын өз бөлмөсү, эгерде андай мүмкүнчүлүк болбосо, өзүнүн бурчу болуш керек. Керебетин терезеге жакын коюп, тосмо менен тозуп коюш керек. Күндүз башка үй-бүлө мүчөлөрү колдонгон, балдар ойной турган диванга жатканга  болбойт. Бейтаптын өзүнүн идиши болуш керек, бардык буюмдарын бөлөк кармоо зарыл. Түкүргүчүн бейтап өзү тазалаш керек.

 

Бейтапка кантип жардам берүү, анын буюмдарын кантип дезинфекциялоо, турган жайын жыйноо, какырыкты тазалоо жөнүндө кургак учук диспансерде айтып беришет. Бейтаптын үй-бүлөсүндөгүлөрдүн бардыгы контакт боюнча диспансерде каралышы керек, өз убагында текшерүүдөн жана фтизиатрдын сунуштоосуна ылайык алдын алуучу дарылоо курстарынан өтүш керек.

 

Эгерде мурда ал жерде кургак учукка чалдыккан бейтап жашаса, батирди тазалоо керекпи?

Албетте. Кургак учуктун микобактериялары өзүнүн айлана-чөйрөдө жашоого жөндөмдүүлүгүн, өзгөчө ным жана чаңдаган жайларда, көпкө чейин сакташат.

Микобактерияларды кыруучу болуп көп убактагы ультрафиолеттик нурдануу жана дезинфекция кылуучу каражаттар саналат. Жайды тазалоону тапшырык менен дезинфекция кызматынын адистери өткөргөнү оң. Эгерде силердин жашоо аймагыңарда дезостанциялар жок болсо, өз күчүңөр менен жайды туура тазалоо боюнча сиз фтизиатрдан консультация алсаңыз болот.

ВИЧ МЕНЕН ЖАШАГАН АДАМДАР КУРГАК УЧУК ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕНИ БИЛИШИ КЕРЕК?

 

Эмне үчүн ВИЧ-инфекцияга чалдыккандар кургак учугуна жугушуп жана ооруп калышы мүмкүн?

 

Биздин өлкөнүн, ошондой эле бир топ башка өлкөлөрдүн,  бардык 30 жашка чыккан адамдары кургак учуктун козгогучунун (кургак учуктун микобактериясынын) таратуучусу болот деп эсептелинет. Адамдын организминин иммунитетинин кыйналышында кургак учуктун микобактериялары активдештирилет жана дарт өнүгө баштайт. Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу организмдин коргоо касиеттерин алсыздандыруу менен, адамдын иммунитетинин негизги клеткаларын – лимфоцит СD 4 жок кылат. Вирустун таасири менен адамдын иммунитети, ошонун ичинде кургак учукка, акырындык менен алсызданат. Алсызданган иммунитеттин фонунда кургак учук өнүгө баштайт.

Ошондой эле кургак учуктун өнүгүү тобокели, активдүү кургак учукка чалдыккан менен тыгыз байланышта болгон,  ВИЧ-инфекцияга чалдыккандарда чоң болот: мисалы, кургак учуктун үй-бүлөлүк очогунда, эркиндигинен ажыратуу жайларда ж.б. Кургак учук аба-тамчы жол менен жуккандай эле, аба-чаң жолдору аркылуу (жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөшүүдө, какырыкты жайдын жерине түкүргөндө) жугат.

 

ВИЧ-инфекцияга чалдыккандар үчүн кургак учук кандай коркунуч туудурат?

 

Эгерде зарыл болуучу алдын алуу чараларды сактабаса, ВИЧ-инфекцияга чалдыккан кургак учук менен ооруп калышы мүмкүн. Эгерде кургак учукту дарылабаса, ал өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.

Өз убагында таанылбаган жана, демек дарыланбаган  кургак учук,  ВИЧ-инфекцияга чалдыккандын бир нече органдарын жана органдар системасын процесске бат эле катыштырат да, оору жагымсыз натыйжага алып келет.

 

ВИЧ-инфекциясы бар пациент кургак учук оорусунан кантип аман калуусу мүмкүн?

 

ВИЧ-инфекциясы табылгандан кийин пациент дайыма жашоо жериндеги (жугуштуу оорулар кабинетиндеги же СПИД менен күрөшүү жана алдын алуу борборундагы) инфекционист дарыгердин карамында болуш керек. Бул ВИЧ-инфекцияга чалдыккандын иммунитетин үзгүлтүксүз көзөмөлдөө үчүн зарыл. Керектүү убакытта пациент ВИЧ-инфекцияны дарылоо үчүн кымбат баалуу препараттарды акысыз ала алат. Андан башка, пациент кургак учукка үзгүлтүксүз текшерилип турат: инфекционистте каттоодон өткөндөн кийин андан кийин 6 айда 1 жолу чоң адамдар жана өспүрүмдөр көкүрөк клеткаларынынын флюрографиялык же ренгонологиялык текшерүүсүнөн өтүшөт, Манту сынамын жасашат жана фтизиатр дарыгерден (кургак учукка жугушкандар жана бейтаптарды диагностикалоо, дарылоо жана байкоо маселеси менен алек болгон адистен)  консультация алышат.

Иммунитеттин тез төмөндөшү табылганда ( иммундук статустун анализинде 1 мл канда CD4 клеткасынын саны  300 жана андан кем болсо) инфекционист дарыгер пациентти фтизиатр дарыгерге жиберет, ал эми ал керектүү учурларда кургак учукту алдын алуу дарылоону белгилейт да, алдын алуу мезгилинин бардык мөөнөтүндө (3төн 6 айга чейин) акысыз кымбат баалуу кургак учукка каршы  препараттарды берет.

 

Эгерде фтизиатр ВИЧ-инфекцияга чалдыккан же активдүү кургак учукка чалдыккан жашаган жайда дезинфекция өткөрүүнү сунуштаса, бул сунуштан баш тартпаш керек. Дезинфекциядан орун жайдагы кургак учукту козгогучтар кырылат.

 

ВИЧке чалдыккандар зыяндуу адаттардан баш тартыш керек. Чылым чегүү, алкоголду жана баңги заттарды колдонуу ар бир адамдын, ВИЧ-инфекцияга чалдыккандарды айтпай эле коёлу, кургак учукка иммунитетин төмөндөтөт. Баңги заттарды бирге пайдалануу ВИЧ-инфекцияга чалдыккандар жана кургак учукка чалдыккандар бири-бири менен катташып, ВИЧ-инфекцияга чалдыккандардын арасында кургак учуктун жайылышына түрткү берет.

 

 ВИЧ-инфекцияга чалдыккандарда кургак учукту өз убагында кантип табуу керек?

 

ВИЧ-инфекцияга чалдыккандарда флюорогргафиялык же рентгенологиялык текшерүүдө көкүрөк клеткасында өзгөрүүлөр табылган учурда, ошондой эле Манту сынамына чектен тышкары реакция же мурдагы анализдин жыйынтыктарына салыштырмалуу жыйынтыктар начарлаган учурда, пациент инфекционист дарыгер тарабынан фтизиатрга кургак учукту чекке кагуу үчүн токтоосуздан жиберилет.

 

ВИЧ-инфекцияга чалдыкканда алсыздануу, тердөө, табитинин начарлашы, арыктоо, дене температурасынын 37-40° жана андан жогору көтөрүлүш симптомдорунун пайда болушу, кургак учукту чекке кагуу максатында токтоосуздан дарыгерге кайрылышынын негизи болот.

 

95% учурунда кургак учук дем алуу органдарын бузат. Бул учурларда биринчи орунга жогоруда саналып кеткен симптомдорунун фонунда жөтөлгө: кургак же какырыктын чыгышы менен, кадимки физикалык күч келтиргендеги энтигүү, көкүрөк клеткадагы оору, кээ бирде кан түкүрүүгө даттануу болуп эсептелинет.

 

Төмөнкү иммундук статустагы дем алуу органдарынын кургак учугунда жөтөлдүн болбошун белгилеп кетебиз. Кең спектр иш-аракетиндеги антибиотиктер менен дарыланууда кетпөөчү жана ысыкты түшүрүүчү каражаттарды колдонгондо аз убакытка эле төмөндөтүүчү,  дененин туруктуу жогорку температурасы пациенттин тынчын кетирет.

Ушундай абалдын фонунда баш ооруга, бел, сөөк, муундардын оорусуна, сийдик чыгышынын бузулушуна, моюндагы жана колтуктагы лимфа түйүндөрдүн чоңоюшуна, өзгөчө алардын кайталанып чоңоюшуна жана жара тешиктердин пайда болушуна көңүл буруу керек. Бардык бул симптомдор токтоосуздан дарыгерге кайрылууга себеп болуш керек.

 

Какырыктын чыгышында дарыгер пациентти какырыктын кургак учуктун микобактериясына текшерүүгө жиберет. Пациентте кургак учуктун өпкөдөн тышкары чектелүүсүнө шектенүүгө негиз берүүчү симптомдор пайда болгондо, дарыгер изилдөө үчүн стационар шартында, алынган заараны, жара тешиктеринин бөлүктөрүн,  чоңойгон лимфа түйүндөрүнүн ткандарынын үзүмүн кургак учукту козгоочуларга текшерүүнү дайындайт.  Ошондой эле өпкөдөн тышкары чектелүүдөгү кургак учуктун диагностикасы үчүн башка текшерүүлөр: рентгенологиялык (компьютердик томография менен кошо), ички органдардын ультратыбыштуу изилдөөлөр ж.б. да өткөрүлөт.

 

Өз убагында кургак учукту дарылоону баштоо – андан айыгып кетүү кепилдиги!

 

ВИЧ-инфекцияга чалдыккандарда кургак учук кантип дарыланат?

 

Эгерде ВИЧ-инфекцияга чалдыкканга активдүү кургак учук диагнозу коюлса, мындай пациентти андан кийинки дарылоо жана байкоо жүргүзүүнү  фтизиатр жана инфекционист дарыгерлер бирдикте ишке ашырышат.

ВИЧ-инфекцияга чалдыккандардын кургак учугу - дарыланат! Азыркы убакытта бул дарттын жетишерлик натыйжалуу жана жеткиликтүү теропиясы иштелип чыккан. ВИЧ-инфекцияга чалдыккандардын көбүнчөсүндө кургак учукту дарылоодо жакшы натыйжалар белгиленет. Бирок ВИЧ-инфекцияга чалдыккандар кургак учукту дарылоого жоопкерчилик түрдө мамиле кылуу керек, себеби бул сыркоонун химиотерапия тартибин бузганда кургак учукка каршы препараттарга туруктуу козгоочулардын формасы пайда болушу мүмкүн.  Дары-дармекке туруктуу кургак учуктун формасынын химиотерапиясы бир кыйла кыйынчылыктарга алып келет жана оң жыйынтыктарга жеткире албашы мүмкүн. Кургак учукка каршы препараттарга туруктуу кургак учуктун микобактериялары чоң элдердин тобунун арасында, өзгөчө – ВИЧ-инфекцияга чалдыккандар үчүн,  кургак учукту жаюу олуттуу коркунучтарды пайда кылышат.

 

 Кургак учукка каршы препараттар ВИЧ-инфекция жана кургак учукка чалдыккандар тарабынан кургак учукту дарылоонун  бардык баскычтарында медицина персоналынын катуу көзөмөлү менен кабыл алынуу экенин эстеп жүрүү керек.

ВИЧ-инфекцияга чалдыккандар кургак учуктан үзгүлтүксүз 10 дон 18 айга чейин дарыланат. Андан кийин, фтизиатрда диспансердик каттодо турганда, пациент үзгүлтүксүз көзөмөл текшерүүдөн жана кургак учуктун рецидивин алдын алуу максатында дарылоонун профилактикалык курсун өтөт. Кургак учукту дарылоо маалында пациент үзгүлтүксүз (1-3 айда 1 жолу) инфекционист дарыгерден консультация алыш керек.

 

Кургак учукту алдын алыш үчүн ВИЧ-инфекцияга чалдыккан өзү эмне кылыш керек?

Туура жашоо мүнөзү – көп сыркоолордун, ошондой эле ВИЧ-инфекциядагы кургак учукта,  алдын алуунун негизи,.

Туура тамактануу адамды өзүн жакшы сезгенге жардам берет. ВИЧ-инфекция маалында азыктануунун сапатын көзөмөлдөө абдан зарыл. ВИЧ-инфекциясынын бар болушу иммунитеттин, ошонун ичинде кургак учуктун, начарлашын билдирет.

Толук баалуу эмес тамактануу ВИЧ-инфекциясына чалдыккандын кургак учук менен оорушунун себеби болуп калышы мүмкүн. ВИЧ-инфекциясында кургак учукту алдын алууга жардам берүүчү диетанын принциптери оңой: көбүрөөк калория, көбүрөөк белок, тез-тез (бир күндө 5-6 жолу), бирок аздан тамактануу.

Толук баалуу уйку жана эс алуу иммунитетти сактоо жана жакшы эмоционалдык көңүлдү калыбына келтирүү үчүн зарыл. Эс алуу ар кандай: пассивдүү (китеп окуу, сыналгы көрүү, кино) жана активдүү (экскурсия, походдор, саякаттоо) болушу мүмкүн.