Калк үчүн эскерткич ВИЧ/СПИДдин айырмасы эмнеде?

Азыркыга чейин көпчүлүк адамдар ВИЧ-инфекция жана СПИД түшүнүктөрүн алмаштырып жүрүшөт, алардын айырмасын кененирээк түшүндүрүп берели.

ВИЧ (АИВ) - адамдын иммунндук жетишсиздигинин вирусу.

Адамдын деген сөз – бул АИВ адамдын гана организминде жашаарын жана көбөйүүсүн билдирет.

Иммундук жетишсиздиктин - иммунитет тийиштүү түрдө иштебей калган учурда, инфекция процессинен келип чыккан сыркоолор оор өтүп, көбүрөөк кайталанып, ошондой эле мурдагыдан узагыраак болот.

Вирус – организмдин түрүү клеткаларында көбөйүүчү эң майда микроогранизм.

Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу организмге түшүп – АИВ-инфекция оорусун козгойт.

ВИЧ үч жол менен жугат:

  • "Кандан канга” – инфекцияга чалдыккан бейтаптын канын стерилдүү эмес ийнелер, шрицтер, инъекция эритмелеринде колдонууда,
  • Жыныстык – бардык (презервативсиз) жыныстык катнашууда,
  • Энеден балага – кош бойлуу, төрөт жана эмчек эмизүү убагында.
 
ВИЧ төмөнкү убактарда жукпайт:
  • Кол алышуу, кучакташуу, өбүшүү,
  • Шилекей, тер, заара, заң, көз жаш,
  • Жөтөлгөндө, чүчкүргөндө,
  • Идиш аяк, шейшеп-жууркандар,
  • Айбанаттар менен катнашта жана чымын-чиркейлердин чакканында,
  • Мончого, бассейнге, ажатканага барганда.

Оорунун акыркы баскычы -СПИД (КИЖС - кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому)

Кабылданган – адамдын жашоо ичинде кабыл алынган

Иммундукжетишсиздик – организмдин инфекция менен күрөшүү жөндөмүнүн жоголушу

Синдром – белгилүү бир оорунун белгиси

СПИДдин белгилери катары дайым пайда болуучу: өпкөнүн сезгениши, кургак учук, цитомегаловирустук инфекция, учук болуп саналат.