2021-жылдын 14-июнунда Өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча сектордун жана Көзөмөл боюнча сектордун отурумдары

2021-жылдын 14-июнунда Өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча сектордун жана Көзөмөл боюнча сектордун отурумдары

2021-жылдын 14-июнунда C19RM алкагында координациялоо боюнча кеңеш берүүчүнүн жана көзөмөлдөө маселелери боюнча эксперттин техникалык тапшырмаларын талкуулоо жана бекитүү үчүн режимде Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңешинин Комитетинин Өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча секторунун жана Көзөмөлбоюнча секторунун отурумдары өткөрүлдү. Алардын жыйынтыгы боюнча КССКК Комитетинин мүчөлөрү тарабынан жиберилген бардык ой-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен техникалык тапшырмалар кабыл алынып, жактырылган.

2021-жылдын 9-июнундаКССКК Комитетинин отуруму болгон, анда C19RM TB REP 2.0. аймактык өтүнмөсү талкууланган. Катышуучу өлкөлөр: Армения, Азербайжан, Грузия жана Молдова. Көп өлкөлүү өтүнмөүчүн өлкө деңгээлинде болгондойэле документтертоптому жана процесси каралган. Бир гана каржылоо таблицасын тапшыруу талап кылынган эмес. Тапшыруучу аймактык уюмдар C19RМ боюнча иш-чараларды киргизбесе да, көп өлкөлүү грантта бардык катышуучу өлкөлөрдүн ӨКК (Жарандык коомдун төрагасы/төрайымы жана өкүлү) атынан тастыктоонун далилдерин тапшырышы керек. C19RM TB REP 2.0 аймактык өтүнмөсүн колдоо чечими кабыл алынды.

2021-жылдын 1-июнунда КССКК Комитетинин программаларды жүзөгө ашыруусу жана алардын ишке киргизүүнүн жыйынтыктары менен эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарын сарптоого көзөмөл жүргүзүү боюнча сектордун отуруму өткөрүлгөн. Анда КРда COVID-19 шарттарында мониторингдик сапарларды өткөрүү талкууланды, 2020-жылдын 2-жарым жылдыгына карата «дашборд» көрсөткүчтөр панели боюнча маалыматтар айтылды жана Глобалдык фонддун сунушу боюнча дайындала турган көзөмөлдөө боюнча эксперттин техникалык тапшырмасы жана бюджети талкууланды. Үч айдын ичинде кабинеттик талдоо жүргүзүү, акыркы мөөнөт – 2021-жылдын 25-августу, андан кийин сапаралар качан пландала тургандыгын аныктоо, сапарлардын графиктерин уюштуруу ар бир багыт боюнча жоопкерчиликтүү кызматкерлерди аныктоо чечими кабыл алынган.

10:55
Нет комментариев. Ваш будет первым!