Кыргызстан Улуттук кургак учукка каршы күрөшүү программасын иштеп чыгууга киришти

Кыргызстан Улуттук кургак учукка каршы күрөшүү программасын иштеп чыгууга киришти

«Кургак учук-6» улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча стратегиялык сессия бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн чогултту деп Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сессиянын жалпымаксаты – 2026-жылга чейинки мөөнөткө өлкөнүн кургак учукка каршы күрөшүү боюнча активдүүлүгүн жөнгө салуучу программалык документти түзүү.

  • Биринчи кезекте, мурунку беш программаны критикалык баалоо болушу керек: эмнеге жетиштик, эмнеге жеткен жокпуз, балкимтакыр мүмкүн болбой турган максаттар коюлган же кандайдыр бир механизм аягына чейин иштелип чыккан эмес. Бул позициялардан «Кургак учук-6» программасын иштеп чыгууга киришебиз – деп Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев билдирди.– Андан кийин каржылоо булактарын, керектүү ресурстарды жана башкаруу системаларын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен так максаттар жана милдеттер, белгилүү иш-чаралар даярдалышы керек. Эң негизгиси, кадрлар – мунун бардыгын жүзөгө ашыруучу тарап. Ошондой эле программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу баалана турганчыныгы баалоо индикаторлору коюлган.

Маанилүү бөлүгү, сессиянын катышуучулары «Кургак учук-6» улуттук программасы жаңы түрдөгү таажылуу вирус пандемиясы сыяктуу кырдаалдарга туура чара көрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камтышы керек деп эсептейт.

16:35
Нет комментариев. Ваш будет первым!