Бейтаптардын эрежелери – биринчи орунга!

Бейтаптардын эрежелери – биринчи орунга!
Бейтаптардын эрежелери – биринчи орунга!

Глобалдык фонддун грантынын алкагында Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУ ӨП) Кыргызстанда кургак учукка жана АИВге каршы күрөшүү боюнча аракеттерди колдоону улантууда. Биздин ишибиз бардык муктаж бейтаптар үчүн акысыз жана жогорку сапаттуу дарылоону камсыздоо, дартты аныктоону жакшыртуу, билим берүү жана алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, БӨУ, коомчулуктарды жана бейтаптарды колдоо болуп саналат.Мында Сиз ноябрь айындагы биздин ишмердүүлүк тууралуу жаңылыктарды көрө аласыз.

БУУ ӨП / Глобалдык фонддун долбоорунун алкагында AFEW менен биргеликте бейтаптардын укуктары менен тааныштыруу максатында Кыргызстандынбардык аймактарынын фтизиатрлары жана ҮБМБ жетекчилери үчүн бир катар тренингдер өткөрүлдү. Максаты кеңеш алууда же дарыланууда тоскоолдуктарга учураган же медициналык жардам алуу үчүн кайрылуудан корккон калктын негизги топтору жана бейтаптар үчүн сапаттуу медициналык кызматтарга адилеттүү жеткиликтүүлүктү кеңейтүү болуп эсептелет. Тренинг учурунда катышуучулар каралоо жана басмырлоо, калктын негизги топторунун өкүлдөрү менен иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жана бейтаптардын укуктары тууралуу билишти.

Каралоо жана басмырлоо боюнча бул тренинг фтизиатрлар үчүн биринчи жолу өткөрүлүүдө. Ал бейтаптар дуушар болгон кыйынчылыктарды түшүнүүгө, алардын өзүнүн жүрүм-туруму бейтаптардын дарыланып дарыланбоосу боюнча чечимине кандай таасир берерин көрүүгө жардам берет. Тажрыйбалык сабактар кардарлар менен медкызматкерлердин өз ара иштешүүсүн жакшыртууга багытталган. Мындан сырткары, дарыгерлер ашыкча чарчоо тууралуу билишти, бул Covid-19 пандемиясына жана медкызматкерлерге түшкөн эбегейсиз түйшүккө байланыштуу айрыкча актуалдуу болду.

Бул жана башка жаңылыктартууралуу кененирээк БУУ ӨП/ГФ долбоорунун шилтемеси аркылуу окуңуз.

Нет комментариев. Ваш будет первым!