Россия Федерациясы Кыргызстанда мобилдик лабораторияны тапшырды
Саламаттык сактоо министринин орунбасары, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Нурболот Усенбаев РФнын Санкт-Петербург шаарында 2020-ж. 9-10-декабрында өткөрүлүүчү жаңы таажылуу вирус жугуштуу оорусуна жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү маселелери боюнча эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышат.
Бул иш-чарада Кыргыз Республикасына мобилдик лабораторияны өткөрүп берүү аземи болду. Бул лабораториялар ар түрдүү бактерияларды, вирустарды, анын катарында таажылуу вирусжугуштуу оорусун, ошондой эле тамак-аш азыктарын жана топуракты лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн ылайыкталган. Мындай лабораториялар стационардык лабораториялык кызмат жок болгон райондордо актуалдуу. Мурун Россия Федерациясы Кыргызстанга үч ушул сыяктуу мобилдик лабораториялардытапшырган, алар 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөроюндарын өткөрүү учурунда тартылган. COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып Кыргызстанда алар COVID-19 карата ПЧР текшерүүнү жүргүзүү үчүн аймактарда ийгиликтүү иштеди. Ошондой эле COVID-19 учурунда өлкөлөрдүн даярдыгы, чара көрүүсү жана өз ара иштешүү маселелери, COVID-19 таажылуу вирус жугуштуу оорусунун жайылышына жооптуу чараларды көрүүнү координациялоодо ЕАЭК мүчө-өлкөлөрдүн калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугу жаатында ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилер кеңешинин ролу, ошондой эле COVID-19 учурунда алдын алуу каражаттарын иштеп чыгуу жана иммунология маселелериталкууланган.
Маалымат КРССМ сайтынан алынды.