«Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды коштоодо БӨУ ролу» тренинги БӨУ кызматкерлери үчүн

«Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды коштоодо БӨУ ролу» тренинги БӨУ кызматкерлери үчүн
«Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды коштоодо БӨУ ролу» тренинги БӨУ кызматкерлери үчүн

USAID «Кургак учуктан айыктыруу» долбоору биринчилик медицина деңгээлинде кургак учукка каршы жардам көрсөтүү процессине тартылган бейөкмөттүк уюмдардын кызматкерлери үчүн «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды коштоодо БӨУ ролу» тренингин өткөрүүдө. Мындай БӨУ катарына Улуттук Кызыл Ай коому, Айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы, «TB-People коомдук фонду, КР ооруканалар ассоциациясы кирет. Долбоордун адистери «кургак учук учурун башкаруу» — түздөн-түз көзөмөлдөнүүчү дарылоону уюштуруудан; кургак учукту дарылоодо жагымсыз учурларга жанадарыланууну улантууга мониторингден тартып бейтаптарды клиникалык, социалдык, психологиялык коштоп жүрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө чейин – деп аталган тажрыйбалык ыкманын бардык баскычтары боюнча кенен маалыматты беришет. «Кургак учук учурун башкарууда» жана бул ооруга чалдыккан адамдарды каралоону жана басмырлоону азайтууга алып келе турган социалдык, жүрүм-турум өзгөрүүлөрүнүн ыкмаларын киргизүүдө БӨУ ролун аныктоо боюнча талкуукызыгууну жаратат. Мындан сырткары, тренингдин катышуучулары «Медициналык жардам алуу үчүн кайрылууда жана кургак учукту дарылоодо максаттуу топтордун жүрүм-турумуна таасир берген факторлорду баалоо» форматтык изилдөөсүнүн жыйынтыктары менен таанышып чыккан, ал USAID«Кургак учуктан дарылоо» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Маалымат КР ССМ сайтынан алынган.

Нет комментариев. Ваш будет первым!