ЖИКСке каршы күрөшүү жана алдын алуу айынын жыйынтыктары чыгарылды

ЖИКСке каршы күрөшүү жана алдын алуу айынын жыйынтыктары чыгарылды
ЖИКСке каршы күрөшүү жана алдын алуу айынын жыйынтыктары чыгарылды

Республикалык «СПИД» борбору өнөктөштөр, бейөкмөттүк жана эл аралык уюмдар менен биргеликте жолугушуу өткөргөн. Анда АИВге текшерүү боюнча улуттук кампаниянын жыйынтыктары чыгарылган, ЖМК үчүн конкурстун жеңүүчүлөрү, блогерлер, медкызматкерлер сыйланган, жана өлкөдөгү АИВ кырдаалы боюнча статистика берилген.

Бул жылы Дүйнөлүк ЖИКСке каршы күрөшүү күнү «Глобалдык тилектештик, жалпы жоопкерчилик» урааны менен өтүп жатат. Бул ураан жалпы коопсуздук ар бир адамдын жоопкерчилигинен көз каранды болгон эл аралык кырдаалдыэң жакшы чагылдырып турат.

Акыркы 2 жылдын статистикасы көрсөтүп тургандай, биздин Сиз менен бирге болгон аракеттерибиз максатка жетүүгө – 2030-жылга АИВ эпидемиясын жок кылууга жардам берет.

Жылдык отчеттордун көрсөткүчтөрүндөгү ар бир азаюу –биздин Сиз менен жалпы жеңишибиз. Көрсөткүчтөрдү жокко эсе кылуу үчүн эмне кылууга болот?⠀

—жыл сайын АИВге анализ тапшыруу

—сактануу каражаттарын колдонуу (мисалы: презервативдер)

—өз статусун билүүдөн коркпоо

—АИВти дарылоо мүмкүн экенин унутпоо

#АИВӨКҮМэмес

Маалымат КР ССМ сайтынан алынды

Нет комментариев. Ваш будет первым!