Кургак учук боюнча бирдиктүү платформа

Единая платформа по туберкулезу
"Кургак учук менен ооругандарды колдоо" долбоору менен кургак учук боюнча бирдиктүү санариптик байланыш платформасы иштелип чыккан www.tbc.kg. Платформа бир нече өзгөчөлүктөрдү бириктирген уникалдуу ресурс:

- калк үчүн кургак учук жөнүндө так жана толук маалымат берүү;

- колдонуучулар үчүн ыңгайлуу навигациясы бар кургак учукту диагностикалоо жана дарылоо боюнча кызмат көрсөткөн Кыргызстандын бардык медициналык уюмдары жөнүндө маалымат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бийлик органдарынан жардам алууда кургак учуктан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүү;

- кургак учукка кабылган адамдарга ар кандай кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар жөнүндө маалымат.

Платформа өлкөдө кургак учукту аныктоону жана дарылоону жакшыртууга көмөктөшөт, анткени кургак учук жана кургак учук менен ооруган адамдарга медициналык кызматтарга жетүүнү жеңилдетет. Сайттын иштеши жергиликтүү колдоо көрсөтүү аркылуу бейтаптардын дарыланууга болгон берилгендигин жакшыртууга багытталган. Долбоор менен иштелип чыккан сервис ошондой эле чечим кабыл алуучуларга кургак учукту сапаттуу диагноздоону жана дарылоону жүргүзүү үчүн медициналык уюмдарды жабдууда кандай көйгөйлөр бар экендигин түшүнүүгө жардам берет. Долбоордун башка жаңылыктарын шилтемеден таба аласыз: https://www.doormedia.kg/bulletin-0322

10:40
Нет комментариев. Ваш будет первым!