PAS борбору жеке кеңеш берүүчүнү же кеңеш берүүчүлөрдүн тобун тандоо үчүн конкурс жарыялаган

PAS  борбору жеке кеңеш берүүчүнү же кеңеш берүүчүлөрдүн тобун тандоо үчүн конкурс жарыялаган

Ал «Кургак учукту көзөмөлдөөжаатында адвокация, коммуникация жана социалдык мобилизация: негизги түшүнүктөр, формалар жана иштөө ыкмалары» видеокурсун даярдайт жана чыгарат. Бул видеокурс кургак учукту көзөмөлдөөнүн үстүндө иштегенжарандык коомдун уюмдарынын кызматкерлерине, кургак учукка тиешеси бар адамдардын коомдоштуктарынын активисттерине жана мүчөлөрүнө ылайыкталган. ЖИКСке (СПИД) каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонддун каржылык колдоосу менен ишке ашырылган «Кургак учукту, анын ичинде дары-дармекке туруктуулугу болгон козгогучту натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн саламаттык сактоо системаларын бекемдөө» деп аталган Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда (TB-REP) кургак учукка каршы күрөшүү боюнча аймактык долбоордун алкагында TB People Network менен бирге иштелип чыккан www.teachmetb.netокутуу платформасында жеткиликтүү болот. Лекциянын видеолору орус тилинде даярдалып, чыгарылат.

Кеңеш берүүчүгө/кеңеш берүүчүлөрдүн тобуна квалификациялык талаптар

Жалпы иш тажрыйбасы:

-«Журналистика», «Коомчулук менен байланыш»(Public Relations) адистиктери же башка гуманитардык багыттар боюнча университеттик билим берүү;

— Адистиги боюнча иш тажрыйбасы эң аз 5 жыл;

— Усулдук (окутуу) мүнөздөгү материалдарды даярдоо тажрыйбасы;

— Жарандык коом уюмдары менен же түздөн-түз мындай уюмдарда иш тажрыйбасы.

Тапшырманы аткаруу үчүн шайкештиктер:

— Заманбап шарттарда кургак учукту көзөмөлдөө көйгөйлөрүн билүү;

— Чыгыш Европа жана Борбордук Азия аймагынын кургак учукту жана дары-дармекке туруктуу кургак учукту көзөмөлдөө көйгөйлөрүн билүү;

— Кургак учукту көзөмөлдөө тармагында иштеген жарандык коомдун уюмдары алдында турган милдеттерди билүү;

— калктын ар түрдүү максаттуу топторуна багытталган КУ тууралуу материалдарды даярдоо тажрыйбасы;

— АКСМ боюнча иш-чараларга катышуу тажрыйбасы (анын ичинде КУ көйгөйлөрү боюнча тренингдерге – КУ тийиштүү адамдарга кызмат көрсөткөн БӨУ кызматкерлери, КУ активисттериүчүн фасилитатор/тренер/лектор катары);

— Өзүнчө видео лекцияларды же видеокурстарды, башка ушул сыяктуу видеоматериалдарды даярдоо жана чыгаруу боюнча, видео тренингдерди өткөрүү боюнча ж.б. көрүнүктүү тажрыйба.

Керектүү билимдер жана жөндөмдөр:

— Тилдерди билүү: орус тили – эне тили же эркин билүү жана орус тилинде иштөөнүн далилденген тажрыйбасы;

— Office программаларынын топтомунтажрыйбалуу колдонуучу;

— Бир топто иштөө жөндөмү;

— Мыкты мамиле түзүү жөндөмдөрү.

Көбүрөөк маалымат тиркелген техникалык тапшырмада же шилтемеаркылуу. Ошондой эле liliana.caraulan@pas.mdэлектрондук почтасы аркылуу TB-REP программасынын координатору Лилиана Карауланга кошумча маалыматтарды алуу үчүн кайрылсаңыз болот.

CV тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2021-ж. 13-апрели, Молдованынжергиликтүү убактысы боюнча саат 18:00, ЧезарьКаптачуктун cezar.captaciuc@pas.mdэлектрондук почтасына.

13:30
Нет комментариев. Ваш будет первым!