24-мартта Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленет

24-мартта Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленет

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, бүгүн, 24-мартта, дүйнө боюнча Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленет.

Алар берген маалыматка ылайык, бул майрамды белгилөөнүн максаты адамдардын жана коомчулуктун ден соолугу үчүн кургак учуктунжабыркатуучу кесепеттери тууралуу билимин арттыруу, ошондой эле кургак учуктун экономикалык кесепеттери тууралуу маалымдоо жана мындай жол менен булилдеттин глобалдык эпидемиясына каршы күрөшүү боюнча аракеттерди күчөтүүболуп саналат.

«1882-жылы ушулкүнү Роберт Кохкургак учуктун козгогуч-бактериясын ачкандыгын жарыялаган, мындан улам бул ооруну аныктоо жана дарылоо мүмкүн болду» — деп билдирүүдө айтылган.

Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү дүйнөлүк лидерлердин төмөнкү багыттар боюнча милдеттенмелерин тез арада аткаруусу зарыл экендигинэскертет:

— алдын алуу жана дарылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

— отчеттуулукту күчөтүү;

—жетиштүү жана туруктуу каржылоону камсыз кылуу, анын ичинде илимий изилдөөлөр үчүн;

—каралоону жана басмырлоону токтотууга көмөк көрсөтүү;

—адилеттүүлүк, адам укуктарын сактоо жана адамдардын муктаждыктарын эске алуу принциптеринин негизинде кургак учукка каршы ишмердүүлүктү кеңейтүү.

Эскерте кетсек, кургак учук (КУ) дүйнөдөгү эң көп өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору болуп саналат. Күн сайын бул алдын алууга жана дарылоого мүмкүн болгон оорудан 4 миң киши каза табат, ал эми 30 миңге жакын адам аны менен ооруп калат. Баалоого ылайык, кургак учукка каршы глобалдык аракеттерден улам 2000-жылдан тартып 58 млн адам айыкты.

Маалымат төмөнкү сайттан алынган: kabar.kg/news/segodnia-po-vsemu-miru-otmechaiut-vsemirnyi-den-bor-by-s-tuberkulezom/

Кыргызстандын белгилүү инсандары «Оорусуна эмес, адамдын өзүнө кара» алкагында кургак учукка чалдыккан адамдардын окуялары тууралуу айтып беришет. Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнүн алдында таанымал инсандар кургак учукка кабылган адамдарды каралоого жана басмырлоогокөңүл бурушат.

USAID «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды колдоо» долбоору тарабынан жасалган социалдык тасма – бейтаптардын каралоо көйгөйүнө өз көзү менен күбө болуу, алардын ой-толгоолорун, коркуу сезимин жана оорусун сезүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бул жана башка жаңылыктарды USAID «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды колдоо» долбоорунун маалыматтык китепчесинен окусаңыз болот: https://www.doormedia.kg/bulletin-0221

12:40
Нет комментариев. Ваш будет первым!