1-март – Басмырлоого каршы күрөшүү күнү

1-март – Басмырлоого каршы күрөшүү күнү

Бул жылы Басмырлоого каршы күрөшүү күнүндө ЮНЭЙДС киреше деңгээли, жынысы, жашы, ден соолук абалы, ишмердүүлүгү, майыптуулугу, сексуалдык ориентациясы, баңгизаттарды колдонуу, гендердик бирдейлик, раса, класс, этникалык келип чыгышы жана дини сыяктуу жашоонун баскычтарында жана категорияларында дүйнөдө азыр да орун алып келген теңсиздикти жоюунун маанилүүлүгүнө көңүл бурууга чакырат.

2021 кампаниясы тууралуу: www.unaids.org/ru/2021_ZDD_campaign_end_inequalities

Кампаниянын материалдары: spark.adobe.com/page/XBcrhKn6snyky/

Социалдык медиа үчүн кампаниянын материалдары, ошол эле жерде орус тилинде материалдар да жеткиликтүү: trello.com/b/N18GRCnS/zero-discrimination-day-2021

Кампаниянын орус тилиндеги китепчеситиркемеде жеткиликтүү.

Китепчедеги маалыматтын бир бөлүгү кыргыз тилине которулуп, дүйшөмбү/шейшемби күндөрү Facebook тармагында КРдагы БУУ ресурстарына жарыяланат: www.facebook.com/UN.Kyrgyzstan

АЙМАКТЫК ТААНЫТУУ:

Биз Сизди ЮНЭЙДС «Пандемияларды жеңүү: адамдарга өзгөчө көңүл буруу менен» акыркы глобалдык докладында сунушталган 10-10-10 жаңы концепциясын жана таанытуусунталкуулоого катышуу үчүн чакырабыз.

10-10-10 – 2025-жылга карата 95-95-95 жаңы максаттарына жетүү жана эпидемияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн жагымдуу социалдык шарттарды түзүү боюнча милдеттер.

Таанытуу жана талкуулоо онлайн форматта 2021-ж. 1-мартында 11:00 – 13:00да (МСК) болот. Бишкек боюнча убакыт: 14: 00- 15:00

Талкуулоо тили – орусча. Англис тилине которуу камсыздалат.

Түз эфирди көрүүдөн мурун Сиз катталышыңыз керек:

nevastream.online/UNAIDS

12:00
Нет комментариев. Ваш будет первым!