USAID «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды колдоо» долбоору Нарын жана Жалал-Абад облустарында менто

USAID «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды колдоо» долбоору Нарын жана Жалал-Абад облустарында менто

USAID «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды колдоо» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарыбоюнча КУ чалдыккан бейтаптармедкызматкерлер тарабынан каралоого жана басмырлоого дуушар болушу мүмкүн деп аныкталган. Муну бейтаптар да, алардын туугандары да тастыктаган.

Изилдөөнүн жыйынтыктарына таянып, долбоордун эксперттери «КУ чалдыккан бейтаптарды дарыланууга көбүрөөк үгүттөө үчүн БМСЖ медкызматкерлеринин үстүндө ментордукту жүзөгө ашыруу» темасына окутуу тренингин даярдаган.Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы тренингдердин катышуучулары психологдордун, социалдык кызматкерлердин жана жергиликтүү активисттердин арасынан тандалган. Билим алган менторлордун негизги милдети медициналык уюмдардын кызматкерлери тарабынан КУ чалдыккан бейтаптарга карата каралоону жана басмырлоону азайтуу үчүн БМСЖмедкызматкерлерине жетекчилик кылуу болуп саналат. Менторлор белгилеген маалыматтарга ылайык КУ чалдыккан бейтаптар менен медиктердин инсандар аралык баарлашуу жөндөмдөрүн жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштар чыгырылат.

Бул жана башка жаңылыктарды USAID «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды колдоо» долбоорунун маалыматтык китепчесинен окусаңыз болот: булжакка басыңыз

11:45
Нет комментариев. Ваш будет первым!