Чүй районунун КУ балдар бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Чүй районунун КУ балдар бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Азем КР ЖК депутаты Урмат Самаевдин, КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровдун, «Ассанабил» ККФ директору Саид Баюминин, облустун саламаттык сактоо боюнча координаторунун ж.б. катышуусу менен өткөрүлдү.

Балдар бөлүмүнүн курулушу 90 миң долларга «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан толугу менен каржыланган. Балдар бөлүмүнүн жалпы аянты 450 чарчы метр болгонэки кабаттуу имаратынын курулушу2019-жылдын декабрь айында башталган, 30 кишиге ылайыкталган, алардын ичинен 10 керебет кыска мөөнөткө жайгашуу бөлүмү үчүн.Балдар бөлүмү керектүү медициналык жабдыктар жана эмеректер менен камсыздалган. Бөлүмдө эки дарыгер, алты медайым жана төрт кичүү медкызматкер иштейт. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө жардам көрсөткөн фондготерең ыраазычылыгын билдирди. «Бул саламаттык сактоо тармагында аймактарда саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган Сиздердин фонддун биринчи эле долбоору эмес. Көрсөткөн жардамыңыз үчүн ыраазчылык билдиребиз жана кийинки жемиштүү кызматташтыкка терең ишенебиз» — дедиминистр. МаалыматКР ССМ сайтынан алынды.

2021-жылдын 22-январындаКССКК Комитетининкоомдук саламаттык сактоо кызматын оптимизациялоо тобокелчиликтерин жана АИВ менен жашаган адамдар жана негизги топтор үчүн кызмат көрсөтүүгө берген таасирди жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан АИВ программаларын талкуулоо боюнча кезексиз отуруму болуп өттү. КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Т. Усенбаевдин айтымында азыркы учурда реформалар, коомдук саламаттык сактоо кызматтарын оптимизациялоо жүрүп жатат, анткени азыркы учурдагы түзүм өлкөнүн коопсуздук системасын камсыздоого байланыштуу бардык көйгөйлөрдү камтыган эмес, тобокелчиликтерди баалоо жана башкаруу үчүн маалыматтык системанын бирдиктүү базасы жок, ведомстволор аралык системалардын натыйжалуу иштөөсү үчүн стандарттар иштелип чыккан эмес, коопсуздукту камсыздаган өзгөчө кырдаал шарттарында чара көрүү механизмдери иштелип чыккан эмес, тез чара көрүү жана эмдөөлөр жана башка сарпталуучу материалдар менен камсыздоо системасы иштелип чыккан эмес, Оптимизациянын милдети – кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, мамлекет тарабынан каржылоону жакшыртуу. Ошентсе да, жарандык тармактын бир катар өкүлдөрүнүн, ошондой эле КР ССМ караштуу Байкоочу кеңештин ою боюнча, бул оптимизация төмөнкү маселелерди карабайт: лаборатория кайсы мекемеге берилет, вирустук жүктөмгө тесттерди сатып алуу менен ким алектенет. Кызуу талкуулардын натыйжасында бул маселени талкулоо үчүнКССКК ыкчам отурумун демилгелөө өтүнүчү менен КР Өкмөтүнүн Аппаратынакат жөнөтүү чечими кабыл алынган.

USAID «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды колдоо» долбоору календардык жылдын жыйынтыктарын чыгарууда. Долбоор 2020-жылдын февраль айында башталган. Өткөн жылы өлкөдө дуушар болгон кыйынчылыктарга карабастан, долбоор КУ чалдыккан бейтаптарга жардам көрсөтүүнү жигердүү улантып келет. 2020-жылдын ичиндеги биздин жыйынтыктар менен таанышып чыгууну сунуштайбыз. Бул жана башка жаңылыктарды USAID «Кургак учукка чалдыккан бейтаптарды колдоо» долбоорунун маалыматтык китепчесинен төмөнкү шилтемеаркылуу окусаңыз болот.

2020-ж. 28-декабрында ГФ/БУУ ӨП каталитикалык каржылоонун алкагында өткөрүлгөн, ЛУН жана ЛГБТ сыяктуу негизги топторго карата «Алсыз топтор менен өз ара иштешкен ыйгарым укуктуу мамлеттик ички иштер органдары тарабынан АИВ-жугуштуу оорусун алдын алуу тууралуу» нускаманы аткарууну баалоо боюнча тегерек стол өткөрүлөт.

Изилдөө боюнча таанытууларды — AFEW Kyrgyzstan изилдөөчүсү Динара Мадыбаева жана «Кыргыз Индиго» КБ атынан Фархад Мусазов сунуштайт.

Zoom конференциясына кошулуу.

10:35
Нет комментариев. Ваш будет первым!