ТУБЕРКУЛОЗ АЙЫГАТ! АЗЫР ТЕЗирээк

ТУБЕРКУЛЕЗ ИЗЛЕЧИМ! ТЕПЕРЬ БЫСТРЕЕ
Кыргызстанда кургак учукка каршы кызматты реформалоонун алкагында өлкөдө кургак учукка каршы заманбап дары-дармектерди кошуу менен дарыга туруктуу кургак учукту дарылоонун жаңы схемалары (кыска мөөнөттүү жана жекече) киргизилди. ДСУнун сунуштарына ылайык, жаңы режимдерди киргизүү 2017-жылы башталган, анын алдын ала жыйынтыгы боюнча кыска мөөнөттүү режимде кургак учуктун дарыга туруктуулугун дарылоонун натыйжалуулугу 79%ды түзгөн. Айта кетсек, ДСУнун сунуштарында бул көрсөткүч 75% кем эмес деп көрсөтүлгөн.
Жалал-Абад облусу боюнча дарыга туруктуу кургак учук боюнча координатор Меньера Ибрагимова: «Кургак учукту айыктыра алабыз! Муну кайра-кайра баса белгилегим келет. Ал эми 2017-жылдан бери көп учурларда дарылоо кыскарып кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) сунуштарына ылайык Кыргызстанда кургак учукту дарылоонун жаңы схемалары дарыга туруктуу кургак учуктун дарылоо мөөнөтүн дээрлик эки эсе кыскартууга мүмкүндүк бергени азыртадан эле көрүнүп турат. Жаңы дарылоо схемалары кургак учукка каршы заманбап дары-дармектерге негизделген, аларды колдонуу бир жагынан бейтаптар тарабынан жеңилирээк болот, анткени алардын терс таасирлери азыраак болсо, экинчи жагынан дарылоонун баасын бир топ төмөндөтөт».
Маалымат КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтынан алынды

16:15
Нет комментариев. Ваш будет первым!