27-сентябрда КМДБ комитетинин кезексиз жыйыны болуп өттү

27 сентября состоялось внеочередное заседание Комитета КСОЗ
27-сентябрда ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитеттин кезексиз жыйыны болуп, анда 2021-2023-жылдарга каржылоонун кийинки мезгилине өлкөнүн өтүнүчүн даярдоо боюнча Жумушчу топ түзүү планы талкууланды. Мындан тышкары, негизги алуучудан ВИЧ компоненти боюнча учурдагы гранттан үнөмдөлгөн каражаттарды кайра программалоо боюнча маалымат угулду. Талкуунун жүрүшүндө КМДБнын комитетинин мүчөлөрү үнөмдөлгөн каражатты медициналык багыттагы буюмдарды жана дары-дармектерди сактоо үчүн 2 кампаны курууга, секвенсерди оңдоого жана маалыматтарды валидациялоого бөлүү чечимин бир добуштан колдошту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасында ВИЧке каршы аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн ресурстарды оптималдаштыруу боюнча жакында өткөрүлгөн ЮНЭЙДС Оптима моделдөөнүн жыйынтыктары угулду. Ресурстарды компоненттер боюнча бөлүштүрүүнү эске алуу менен болгон каржылоо менен максималдуу эффектке жетүү үчүн бир нече сценарийлер сунушталды (OST, NSPs, дарылоо жана кам көрүү, КПлар арасында тестирлөө жана алдын алуу, ошондой эле калктын жалпы катмары, PMTCT ж. .

Жолугушууда ошондой эле 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧке жана кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө укуктук тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш-чаралар планы сунушталды.
11:55
Нет комментариев. Ваш будет первым!